2022-жылы бюджеттин тартыштыгы 9 млрд сомго жетиши күтүлүүдө

2022-жылы бюджеттин тартыштыгы 9 млрд сомго жетиши күтүлүүдө

2022-жылы бюджеттин тартыштыгы 9.1 млрд сомду (ИДПнын 1.3%) түзүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Экономика жана каржы министринин биринчи орун басары Алмаз Бакетаев 2022-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2023-2024-жылдарга болжолу боюнча коомдук угууда билдирди.

Ошол эле учурда, 2023-жылы тартыштыктын 8.1 млрд сомго чейин төмөндөшү болжолдонууда (ИДПнын 1.1%). 2024-жылы 8.6 млрд сомдук профицит болжолдонууда (ИДПнын 1%).

Бакетаев белгилегендей, 2022-2024-жылдары республикалык бюджеттин кирешелери 203.6 млрд сомду, 218.8 млрд сомду жана 231.8 млрд сомду, ал эми чыгымдар – 212.7 млрд сом, 223.4 млрд сом жана 223.5 млрд сомду түзөт.

Ал берген маалыматка ылайык, бюджеттин долбоорунда социалдык жөлөкпулдарды көбөйтүү, экономикалык өнүгүү долбоорлору менен санариптик экономиканы каржылоо, COVID-19 жана анын кесепеттери менен күрөшүү жана Баткен облусунун өнүгүүсү үчүн каражат каралган.

Министрдин орун басары учурда ведомство мындай максаттарга багыт алганын билдирди:

  • дефицитсиз бюджетке жана фискалдык туруктуулукка жетишүү
  • келечек муундар үчүн резервдерди топтоо жана кечиктирилгис чараларды каржылоо үчүн турукташтыруу фондуна финансылык ресурстарды тартуу
  • чыгымдардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу
  • бюджеттик укуктук мамилелер саясатын кайра карап чыгуу
  • чыгымдардын эффективдүүлүгүн баалоонун заманбап ыкмаларын киргизүү

Бюджеттер аралык мамилелер боюнча Бакетаев трансферттерди теңдөө формуласы көп сындарды жаратарын белгиледи. Андыктан бюджеттер аралык мамилелерди реформалоо боюнча иштер жүрүп жатат. Теңдештирүүчү трансферттер жана бюджеттер аралык мамилелер боюнча тиешелүү түзөтүүлөрдүн долбоору даярдалды.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Баткен районунда 100 миңдей адам жашаса, анын 60 миңге жакыны коопсуз аймактарга көчүрүлгөн 23 сентябрда 2022 г.    16:31
Баткен облусундагы кырдаалды жөнгө салууга 7850 адам, 390 техника тартылды – ӨКМ 23 сентябрда 2022 г.    16:08
Баткендеги куралдуу басып алуудан жабыркаган жарандардын кредиттерин кечип салуу каралат 23 сентябрда 2022 г.    15:50
Токтогул токой чарбасында күнүнө 200 литр бал рынокко чыгара алган цех ачылды 23 сентябрда 2022 г.    15:19
Энергетика кызматкерлери Баткенде тынымсыз иштешүүдө – Достукта иштен чыккан жабдууларды калыбына келтиришти 23 сентябрда 2022 г.    14:52
Азыркы армиянын абалы, Баткен, “Кумтөрдүн” алтыны – Садыр Жапаровдун жаңы маеги 23 сентябрда 2022 г.    14:23
Баткен облусуна жалпы 1332 тонна гумжардам жеткирилди 23 сентябрда 2022 г.    11:55
Улуттук банк комбанктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү маселесин карайт 23 сентябрда 2022 г.    11:22
Все новости
НБ КР
USD 81.57
EUR 79.55
RUB 1.36
Моссовет
USD 81.75
EUR 81.50
RUB 1.42

Конвертер валют