Түркмөнстан 2 млрд кВт/с электр энергиясынын көлөмүн гана арзандатылган баада берет – калганы коммерциялык баа менен келет

Түркмөнстан 2 млрд кВт/с электр энергиясынын көлөмүн гана арзандатылган баада берет – калганы коммерциялык баа менен келет

Түркмөнстан 2 млрд кВт/с электр энергиясынын көлөмүн гана арзандатылган баада берет – калганы коммерциялык баа менен келет. Бул тууралуу кечээ, 8-сентябрда ЖКнын жыйынында Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев айтты. 

Жыйында Дастан Бекешев министрдин орун басарынан эмне үчүн Түркмөнстандан алына турган электр энергиясынын баасы сыр болуп, айтылбай жаткандыгын сурады.

«Бул жеңилдетилген баа, биз Союздун убагындагыдай ташыйбыз, баасы ЖЭБде өндүрүлгөндөн дээрлик 2 эсе арзан. Буга чейин президенттер 2 млрд кВт/саат электр энергиясын берүүгө макулдашышкан. Бул тариф ушул көлөм үчүн гана жарактуу. Андан кийин коммерциялык баа болот», – деди министрдин орун басары.

Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын августунан декабрына чейин Түркмөнстан КРга 501.9 млн кВт.саат электр энергиясын берет. Ал  келишимдин алкагында, Түркмөнстан 9-августка чейин 19.2 млн кВт.саат электр энергиясын экспорттогон.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

«Кепилдик фонду» 18 банкка сынак өткөрүп, эң мыкты креддик адистерди аныктады 2 декабрда 2022 г.    17:07
ЕРӨБ берген 12 млн доллар вагондорду сатып алууга жана бекемдөө иштерине кетет – келишимдин чоо-жайы 2 декабрда 2022 г.    16:11
Геосаясий фактор, логистика, алып-сатуу операциясы – Улуттук банк доллардын дефицитине түшүндүрмө берди 2 декабрда 2022 г.    15:37
Январь-ноябрь айларында пенсияга 52.5 млрд сом кетти – эң көп пенсионерлер Ош облусунда 2 декабрда 2022 г.    15:13
Доллардын курсу келерки жылы 83.3 сом деңгээлинде кармалат – ЕӨБдүн божомолу 2 декабрда 2022 г.    12:15
Кыргызстандын ИДПсынын өсүү темпи жыл аягында басаңдайт – ЕӨБ 2 декабрда 2022 г.    11:13
Япониянын тышкы соода уюму КРнын продукциясын экспорттоого көмөктөшөт 2 декабрда 2022 г.    10:14
«Манас» аэропортунда 1 млн сомдон ашык суммадагы баалуу металл уютундусу кармалды 2 декабрда 2022 г.    9:36
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют