Монополияга каршы агенттик КММны сатууда нефтетрейдерлерден таза атаандаштык принцибин так сактоону талап кылды

Монополияга каршы агенттик КММны сатууда нефтетрейдерлерден таза атаандаштык принцибин так сактоону талап кылды

Монополияга каршы агенттик күйүүчү майды сатууда нефтетрейдерлерден таза атаандаштык принцибин так сактоону талап кылды. Бул тууралуу бүгүн агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 9-сентябрда Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде ЭФМнын, «Газпром нефть Азия» ЖЧК, «РН-Кыргызнефтепродукт» (Роснефть) ЖАК, «Альфа Ойл» ЖЧК (Red Petroleum), «Шнос» (Bishkek Petroleum) ЖЧК,  «Партнер нефть» ЖЧКнын катышуусунда КММнын баасынын өсүшүнө байланыштуу бул тармактагы абалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өттү.

Кеңешмеде Монополияга каршы агенттик:

  • таза атаандаштык принцибин так сактоого
  • баалардын деңгээлин камтыган куралды колдонуп, күзгү талаа жумуштарынын башталышын эске алуу менен баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө, ошондой эле чыгымдарды оптималдаштырууну талап кылды.

Эскерте кетсек, мунай затынын баасы январь-сентябрь айларында 50-70%га чейин көтөрүлгөн.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

«Кепилдик фонду» 18 банкка сынак өткөрүп, эң мыкты креддик адистерди аныктады 2 декабрда 2022 г.    17:07
ЕРӨБ берген 12 млн доллар вагондорду сатып алууга жана бекемдөө иштерине кетет – келишимдин чоо-жайы 2 декабрда 2022 г.    16:11
Геосаясий фактор, логистика, алып-сатуу операциясы – Улуттук банк доллардын дефицитине түшүндүрмө берди 2 декабрда 2022 г.    15:37
Январь-ноябрь айларында пенсияга 52.5 млрд сом кетти – эң көп пенсионерлер Ош облусунда 2 декабрда 2022 г.    15:13
Доллардын курсу келерки жылы 83.3 сом деңгээлинде кармалат – ЕӨБдүн божомолу 2 декабрда 2022 г.    12:15
Кыргызстандын ИДПсынын өсүү темпи жыл аягында басаңдайт – ЕӨБ 2 декабрда 2022 г.    11:13
Япониянын тышкы соода уюму КРнын продукциясын экспорттоого көмөктөшөт 2 декабрда 2022 г.    10:14
«Манас» аэропортунда 1 млн сомдон ашык суммадагы баалуу металл уютундусу кармалды 2 декабрда 2022 г.    9:36
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют