Пакистандыктардан «Манас» аэропорту 540 миң доллар пайда көрдү

Пакистандыктардан «Манас» аэропорту 540 миң доллар пайда көрдү

Пакистандан келген жүргүнчүлөрдөн «Манас» эл аралык аэропортуна 540 миң доллар пайда түштү. Бул тууралуу аэропорттун башкы директору Бакыт Шаршеев Азаттыкка билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунун башкы директору Бакыт Шаршеевдин маалыматына караганда, Кыргызстанга Пакистандын Исламабад, Лахор жана Сиалкот деген үч шаарынан 65 чартердик каттам менен 12 миңден ашуун жүргүнчү учуп келген. Алардын көбү туристтик виза менен киргендер.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин берген маалыматына ылайык, Пакистандан 10 миң турист келген жана алардын ар бири электрондук визага 51 доллардан төлөгөн. Ал эми «Кыргызаэронавигация» 65 каттамды тейлеп, 200 миң доллардай пайда көргөн.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют