Кыргызстан Европа Биримдигинен КРнын эмдөө сертификаттарын таанууну суранды

Кыргызстан Европа Биримдигинен КРнын эмдөө сертификаттарын таанууну суранды

Кыргызстан Европа Биримдигинен ЕБ өлкөлөрүнө кирүүнү жеңилдетүү үчүн кыргыз жарандарынын эмдөө сертификаттарын таануусун суранды. Кечээ, 7-сентябрда, Европа тышкы байланыш кызматынын жана Европа комиссиясынын эл аралык өнөктөштүк боюнча башкы дирекциясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев бул маселени көтөрдү.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, тараптар үстүбүздөгү жылга пландаштырылган эки тараптуу жогорку деңгээлдеги иш сапарларды, КР менен ЕБдин ортосундагы кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашууга кол коюуну, ошондой эле ЕБ – БА биринчи экономикалык форумун уюштурууну талкуулашты.

Ошондой эле 2021-2027-жылдарга регионалдык индикативдик программанын алкагында КРгы ЕБдин долбоорунун  ишмердүүлүгү тууралуу да сүйлөшүштү.

Ниязалиев Европа тарапка коронавирус менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, жакынкы убакта COVAX линиясы аркылуу берилчү кийинки партиянын келүүсүнө үмүттөнөөрүн билдирди.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

«Кепилдик фонду» 18 банкка сынак өткөрүп, эң мыкты креддик адистерди аныктады 2 декабрда 2022 г.    17:07
ЕРӨБ берген 12 млн доллар вагондорду сатып алууга жана бекемдөө иштерине кетет – келишимдин чоо-жайы 2 декабрда 2022 г.    16:11
Геосаясий фактор, логистика, алып-сатуу операциясы – Улуттук банк доллардын дефицитине түшүндүрмө берди 2 декабрда 2022 г.    15:37
Январь-ноябрь айларында пенсияга 52.5 млрд сом кетти – эң көп пенсионерлер Ош облусунда 2 декабрда 2022 г.    15:13
Доллардын курсу келерки жылы 83.3 сом деңгээлинде кармалат – ЕӨБдүн божомолу 2 декабрда 2022 г.    12:15
Кыргызстандын ИДПсынын өсүү темпи жыл аягында басаңдайт – ЕӨБ 2 декабрда 2022 г.    11:13
Япониянын тышкы соода уюму КРнын продукциясын экспорттоого көмөктөшөт 2 декабрда 2022 г.    10:14
«Манас» аэропортунда 1 млн сомдон ашык суммадагы баалуу металл уютундусу кармалды 2 декабрда 2022 г.    9:36
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют