Кыргызстанга креативдүү экономика эмне үчүн керек? Данияр Аманалиев бул тармактын келечеги тууралуу айтып берет

Кыргызстанга креативдүү экономика эмне үчүн керек? Данияр Аманалиев бул тармактын келечеги тууралуу айтып берет

Кыргызстанда стартаптарды өнүктүрүү үчүн өзгөчө шарттарды түзө турган креативдүү индустрия паркын түзүү сунушталууда. Бул учурдагы Жогорку технологиялар паркы сыяктуу болушу мүмкүн. Мындай жол менен өлкөдө бизнесмендерге, стартаптарга жана чыгармачыл адамдардын өнүгүүсүнө жардам бере турган дагы бир аянтча пайда болушу күтүлүүдө.

Өзгөчө шарттар салык кодексине, ошондой эле социалдык чегерүүлөр жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү билдирет. Мындай шарттарда, Кыргызстанда 5-6 жылдан кийин креативдүү экономиканын жакшы толкуну пайда болот деп ишенет идеянын демилгечилеринин бири, Оlolo коворкинг тармагынын түзүүчүсү Данияр Аманалиев.

Ал Economist.kg сайтына берген маегинде Кыргызстанда креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн келечеги жана аны илгерилетүү, стартаптардын орду тууралуу айтып берди.

– Кыргызстанга креативдүү экономиканын кайсы багыттары туура келет деп ойлойсуз?

– Креативдүү экономиканын эталону болуп Улуу Британия эсептелет. Алар бул багытта архитектураны, өнөр-жай дизайнын, кийим дизайнын, теле-радио тармагын, басылма иштерин, кол өнөрчүлүктү, IT, музыка, кино бүт тармакты өнүктүрүшкөн. Биз бул багыт менен эле чектелбестен, өзүбүздүн тизмебизди түзсөк болот.

Мисалы, туризм. Биз бул жерде мейманкана же учак билеттери жөнүндө сөз кылган жокпуз. Бизде Kettik же «Идем на пик» деген сыяктуу тур операторлорубуз бар. Эмнеге мындай ишмердүүлүккө чоң салыктар салыныш керек, эгерде ал өлкөгө киреше алып келип, ички туризмди өнүктүрүп жаткан болсо? 

Эркиндик сейил багы менен жүрсөк, көптөгөн көчө музыканттарын, өздөрүнүн мольберттерин алып келип, элдерге сүрөт тартууга мүмкүнчүлүк берип жаткан сүрөтчүлөрдү көрүүгө болот. Бул сонун нерсе.  

– Креативдүү кесиптер канчалык кирешелүү болуп эсептелет?

– Бүт дүйнө жүзүндө креативдүү экономикага чоң каражат салынат, ошол үчүн Британияда мамлекет бул тармакты активдүү колдоп баштаган, 2008-2010-жылдары бүт дүйнөдө кризис болгон учурда креативдүү экономика 20%га өскөнүн уланта берген.

Креативдүү экономиканы кофенин мисалында карап көрөлү. Сиз кофейнядан кофе ичкен акчаңыздын кыпындай бөлүгү гана кофе данын өндүргөн адамга түшөт. Алар болсо дандарды жыйнап алыш үчүн какыраган күндүн астында, тозокто иштешет. Андан кийин бул кофе аны кууруп сатыкка чыгарган өндүрүүчүнүн колуна түшөт, өндүрүүчү кофени жыйнаган дыйканга караганда көбүрөөк пайда көрөт. Андан ары бул иш сервиске жетет, бул жердеги адам кофени талаадан жыйнаган жана аны өндүрүп сатыкка чыгарган адамдан көбүрөөк киреше табат. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдүн баары сервис менен алектенишет.  

Тейлөө менен продукттан сырткары атмосфера деген нерсе бар. Эгерде сиз Эйфель мунарасында кофе иче турган болсоңуз, анда беш эсе кымбат төлөөгө даярсыз. Интерьердин дизайнын сонун жасап, баристаны коюп, тейлөөнү кымбат сатса болот.

Кыргызстан эгип, өндүрүп бүт эволюцияны басып өтүүсү шарт эмес. Бизде аябай көп таланттуу адамдар бар, алар өздөрүн керектүү сезбегендиктен кетип калып жатышат.  

– Кыргызстанда кандай мисалдар бар?

– Менин оюмча, Бишкекте жеткиликтүү деңгээлде креативдүү экономика бар, түрдүү, кызыктуу иш-чаралар өтүп турат. Мисалы, Hangar media көргөзмөсү, Kolfest, Tengri Music фестивалдары бар. Баасы 10 млн доллардан ашкан Growave IT-компаниясы бар, анда 70тен ашык программист иштейт жана дүйнө жүзү боюнча 9 миңден ашык кардарлары бар. Жакында эле долбоору 1 млн долларга бааланган инвестиция алган Codify Lab жана nbfit стартаптары тууралуу айтсак болот.

Чыгармачыл экономика асфальтты карабай өскөн чөпкө окшош. Мамлекет асфальт болууну токтотуп, чыгармачыл индустрияны өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген шарттарды бере баштаса, биз анын жыйынтыгын бат эле көрөбүз.

Биз премьер-министр жана анын командасынын демилгеси менен жолугуштук, бул креативдүү экономикага кызыгуу бар экенин көрсөттү. Президент Жапаров дагы интервьюларында креативдүү экономика приоритеттүү тармактардын бири экенин айтып келет. Биз ар дайым айыл-чарбасын, гидроэнергетиканы, өнөр жайды жана туризмди өнүктүрүүбүз керек деп айтып келгенбиз. Премьер-министр кызыкдар болуп, мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады, биз бул боюнча эксперттер тобунда иштеп жатабыз.

– Ololo коворкингин креативдүү экономикага киргизүүгө болобу?

– Биз бизнесибизди 10 миң сомдон баштаганбыз, ал кезде биздин курч кыялдарыбыз көп болчу, бирок мынчалык өнүгөт деп элестеткен эмеспиз.

Пандемия учурунда биз эки эсеге өстүк, учурда Бишкекте Борбордук Азиядагы эң ири коворкинг борборун куруп жатабыз. Биздин кардарларыбыз көбүнчө экспортко иштешет жана өлкөдөгү окуялардан көз каранды эмес.  

– Креативдүү экономикада долбоорлор кантип ишке ашат?

– «Үнөмдүү стартап» деген белгилүү бир шаблон бар. Баштапкы этапта минимум каражат менен баштайсың, эгерде сунуштан да талап көбөйүп баштаса, анда чоң инвестицияларды тарта баштайсың. Тагыраак айтканда, идеяны тесттен өткөрөсүң, жакшы баа берилсе долбооруңду аягына чейин жакшылап иштеп чыгасың.  

Досторуңдан сенин долбооруңду баалоону сурабай эле койгон туура, бааны аны акчага сатып алган гана адам берет. Ал адамдар сиздин продуктуңузду сатып алышты, андан бир нерсени күтүштү, эгерде күткөнүн актабаса, анда алар бул тууралуу сөзсүз айтышат.

Стартаптар үчүн чоң акча коркунучтуу, эгерде күйүп кетсең, өзүңдүн катаңды караган оор болот. Ал эле эмес жүз миллиарддаган доллары бар Google «үнөмдүү стартап» моделин колдонот.

– Ишке ашпай калган идеяны бүтпөгөн идеядан кантип айырмалоого болот?

– Эгерде сиздин товарыңызды же тейлөөңүздү кайрадан сатып алышпаса, анда сиздин продуктуңуз анчалык эле талапка ээ эмес. Кээде сизди критикалап деле кайрадан сатып ала берген учурлар болот. бул деген сиз адамдарга рынокто жок нерсени берип жатасыз дегенди түшүндүрөт. Сиз кардарга кандай баалуулукту бере аларыңызды жана эмне үчүн алар сиздин товарды сатып алып жатканын түшүнүшүңүз керек.

– Кыргызстандын кандай кемчиликтери менен артыкчылыктары бар?

– Кыргызстандын биринчи эле кемчилиги – чала иштелген мыйзамдары. Инвесторлор мыйзамдын күчүнө ишенишпейт жана бул өз учурунда стартапты баалоодо чоң таасир тийгизет. Көбүнчө биздин стартаптар Эстония, Сингапур, АКШда катталып, бирок бул жерден иштелип чыгат.   

Артыкчылыгыбыз болсо – бизде жашоо арзан. Эгерде бирөө башка өнүккөн өлкөдө сатылчу продукт чыгарып, өзү Кыргызстанда жашаса, анда анын чыгымдары аябай эле арзан болот.

Бизде дүйнөлүк Youtube үчүн контент түзгөн кеминде төрт компания бар. Бул студиялар америкалыктар бир роликке тартууга короткон акчаны 10 роликке жумшаарын айтып келишет. Алардын мүмкүнчүлүктөрү 1 ролик тарткандарга караганда кыйла көп.

Кыргызстандын жалаң кемчиликтерин көргөн компаниялар өнүкпөйт, артыкчылыктарын көргөндөр аны өздөрүнүн пайдасына колдонушат.

Дайыма канча бир пайыз ишке ашпай калган учурлар болот, мисалы, Hangar media, эки жолу ачылып, эки жолу тең жабылып калды. Балдар идеясын тесттен өткөрүп көрүп, бут акчасын жоготуп жибербестен тез жаап салып жатышат, бул туура. Адамдар көбүрөөк акча төлөп, көргөзмөгө келе турган да убакыт да келет. Бул команда жабдыктарын сактап, тажрыйба да алышты. Мүмкүн, алардын бул долбоору 10-жолкусунда ийгиликтүү болот.  

– Учурда стартаперлерге кайсы багыттарды сунуштайт элеңиз?

– Бул жаш курактан көз каранды. Эгерде мектеп окуучу болсо, анда кандай кесиптер жок болуп кетээрин изилдеп көрүүнү сунуштайт элем. 2013-жылы Оксфорд университетинин изилдөөсүндө 20 жыл ичинде кесиптердин 57%ы жок болоору айтылган. Ушул нерсенин баары биздин көзүбүз тирүүбүздө эле болот. Көп кесиптер Бишкекте деле жоголуп баратат, мисалы, 2000-жылдары такси чакыруу үчүн диспетчерге чалчубуз. Азыр операторлор керек эмес, анын баары мобилдик тиркеме аркылуу ишке ашат.  

Супермаркеттерде биз кассир аркылуу төлөчүбүз, азыр болсо өзүбүз товарды сканерлеп, карта аркылуу төлөйбүз. KFC тамактануу жайында болсо электрондук табло аркылуу буюртма берүүгө болот. Мурда бүт бухгалтерия дептерде болчу, азыр 1С бухгалтерлердин штатын кескин кыскартууга мүмкүндүк берди.  

Келечекте жумуштун төмөндөгү үч түрү калат:

  • Кам көрүүгө байланышкан жумуштар – бала бакчадагы бала кароочулар, медайымдар
  • Чыгармачыл тармак
  • Манжалар менен иштелчү жумуштар, роботтор жакынкы келечекте нейрохирург, сантехниктин ишин аткара алышпайт

Эгерде стартаптар тууралуу айта турган болсок, биз ийгиликтүү долбоорлор тууралуу көп угабыз, бирок ишке ашпай калган 97% тууралуу айтылбайт. Эч качан үйүңдү коюп, акыркы акчага стартап баштаганга болбойт. Күйүп кетүү коркунучу чоң. Биз Ololo коворкингди 10 миң сомдон баштаганбыз, андыктан бизге жаңы нерсени баштаган анчалык коркунучтуу болгон жок.

Биз башында арт-студия болчук, кийин коворкинг болдук, бизнес сизди сиз ойлонбогон тармакка сүдүрөп кетээрине даяр болушуңуз керек. Стартапта байкоочу позицияда туруш керек, убагында багытты өзгөртүп кетүү абдан маанилүү.  

– Жергиликтүү стартаперлердин кандай каталарын байкайсыз?

– Көп учурда стартап – бул тобокелчилик экенин түшүнө беришпейт, бул көбүнчө түшүнбөөчүлүк менен байланыштуу. Кыргызстанда биз Кремниевая долинага карап ориентир ала албайбыз, өзүбүздүн артыкчылыгыбызды түшүнүп жана колдонуш керек.  

Ал жакта кичине жана көптөгөн стартаптарды сатып алууга даяр болгон ири компаниялар бар, стартаптар көбүнчө сатылсын деп иштеп чыгарылат. Андан тышкары, ал жакта тобокелдүү долбоорлорго каражат сала турган венчурдук капиталы бар инкубаторлор, акселераторлор бар.

Биздин жергиликтүү стартаптар кислоталуу чөйрөдө эмес, берешен чөйрөдө экенин түшүнүшпөйт. Эгерде бул жерде долбоор аман калган болсо, анда башка мамлекетте 10 эсе чоң болмок.

Адамдарды улуу компаниялардын окуялары шыктандырат, бирок өзүбүздүн эле жергиликтүү Codyfy, Nbfit, Growave, FitJab сыяктуу стартаптарды изилдөө керек.

Уулуу аңкоолук чоң каталарга алып келет. Менменсинүүнүн кереги жок, көптөгөн акылдуу адамдар сизден мурун эмнелерди сынап көрүшкөн, сиз алардын тажрыйбасын үйрөнүшүңүз керек.

– Учурда Кыргызстанда эмне баштаса болот?

– Мага Кыргызстанда жаккан нерсе, бул жерде эмне менен алектенсең да боло берет, анткени рынок бош. Эгерде күч менен бир нерсе кылсаң, бат эле мыкты болуп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Эгерде өзүңдүн нишаңды табам десең, анда кандай кардарды каалап жатканыңды түшүнүшүң керек. Мындан кийин алардын кандай жаралуу жери бар, эмне керек аларга, ошого карап продуктуңузду чыгарсаңыз болот.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют