Кыргызстандын көмүскө экономикасын ачыкка чыгаруу үчүн кандай саясий чаралар керек?

Кыргызстандын көмүскө экономикасын ачыкка чыгаруу үчүн кандай саясий чаралар керек?

Эл аралык Эмгек Уюмунун маалыматы боюнча, 2020-жылы 2 миллиарддан ашуун жумушчу формалдуу эмес (көмүскө) экономикада иштеген, бул дүйнөдөгү бардык жумушчулардын 62%ын түзөт. Расмий эмес жумушка орношуу кирешеси төмөн өлкөлөрдө бул жалпы жумуш менен камсыздоонун 90%ын, орто кирешелүү өлкөлөрдө – 67% жана кирешеси жогору өлкөлөрдө – 18%ды түзөт.

Кыргызстан да бул жаатта көптөгөн көйгөйлөрдү баштан кечирүүдө, бирок формалдуу эмес экономиканын ишканалары көмүскөдө тургандыктан, чыныгы көрүнүштү аныктоо кыйын.

Economist.kg сайтынын редакциясы формалдуу эмес экономика деген эмне экенин жана аны менен кантип күрөшүү керектигин айтып берген болчу. Бул жолу биз формалдуу экономикага өтүү боюнча саясий чараларды карайбыз.

Формалдаштыруунун куралдары

Эл аралык Эмгек Уюму Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн көмүскөдөгү экономиканы формализациялоонун интеграцияланган ыкмасы боюнча сурамжылоо жүргүзүп, атайын изилдөөсүн даярдаган. Анда Кыргызстан колдоно алчу башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү ишке ашырган программаларынын айрым сунуштарын жана мисалдарын келтирсек болот.

Бул изилдөөгө ылайык, формалдуу эмес экономикада иштеген ишканалардын санын кыскартуу үчүн, башкача айтканда, расмий каттоосуз эле, түз жана кыйыр таасир этүү инструменттери бар. Бул методдордун ар биринин бир катар артыкчылыктары жана кемчиликтери бар.

  • Түздөн-түз таасир этүүчү инструменттер формалдуу чөйрөдө иштөөнүн пайдаларын көмүскө экономикада иштөөгө караганда жогору болушун камсыз кылат.
  • Кыйыр таасир этүүчү инструменттер мамлекет менен анын жарандарынын ортосундагы социалдык келишимдерди калыбына келтирүү боюнча формалдуу мекемелердин ишиндеги кемчиликтерди жоюуга багытталат.

Формалдуу экономикага өтүүнү жеңилдетүү үчүн саясаттын түз же кыйыр чараларын ишке ашыруунун ортосунда аны же муну деп кесе тандоонун кереги жок. Түз жана кыйыр саясат бири-бирин жокко чыгарбайт. Эки вариантты тең колдонсо болот.

Мисалы, өкмөт макроэкономикалык жана социалдык чөйрөдөгү формалдуу эмес экономиканын таралышына салык кызматтары, эмгек инспекциялары сыяктуу мамлекеттик бөлүмдөрдүн кардарларга багытталган мамилеси сыяктуу куралдар менен мамлекеттик деңгээлде таасир эте алат. Мындан тышкары, формалдуулуктун артыкчылыктары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек, ошол эле учурда жаңы ачылган ишканалардын жумуш берүүчүлөрүнө, жумушчуларга жана кардарларга жеңилдетилген мунапыс жана салык чегерүүлөрдү киргизүү менен формалдуу экономикада иштөөгө стимул берүү зарыл. Эрежелерди сактабагандарга санкция киргизип, көмүскө экономикада иштегендердин табуу боюнча иштер жүргүзүлүшү керек.

Көптөгөн өлкөлөр формалдуу эмес экономика менен күрөшүп жатып, кайра кымбатка түшүп калышат. Анын бир мисалы болуп, «колго түшкөндөрдү» катуу жазалоо саналат. Бирок мындай ыкма экономиканы көмүскөдөн алып чыгууга түрткү болбойт, жөн гана ага катышууну убактылуу токтотуп турат.

Дүйнөлүк тажрыйба

Формалдуу эмес экономиканы көмүскөдөн чыгаруу  үчүн жазалоо системасын иштеп чыккан Греция тууралуу сөз кылабыз.

Көмүскөдөн чыгып, расмий жумушка өтүп иштөө үчүн Греция жаза системасын кайра иштеп чыккан. Ага ылайык, жумуш берүүчү ар бир «көмүскө» кызматкер үчүн 10.5 миң евро өлчөмундө айып пул төлөйт. Эгерде иш берүүчү мындай кызматкерди 10 күндүн ичинде расмий кызматкер катары жалдаса, анда айыптын өлчөмү төмөнкү суммаларга чейин төмөндөйт: 

  • Эгерде кызматкер 3 айга жумушка алынса, анда 7 миң евро
  • Эгерде кызматкер 6 айга жумушка алынса, анда 5 миң евро
  • Эгерде кызматкер 2 айга жумушка алынса, анда 3 миң евро

Жыйынтыктары:

2017-жылы, жаңы санкция системасы киргизилгенге чейин, аныкталган формалдуу эмес жумушчулардын 32%ы гана кийин иш берүүчүлөр тарабынан формалдуу түрдө кабыл алынган. Алардын үчтөн экиси толук эмес убакытта, үчтөн бири гана толук убакытта иштеген.

2018-жылдын августунан 2019-жылдын февраль айына чейин, жаңы санкция системасы киргизилгенден кийин, аныкталган формалдуу эмес кызматкерлердин 45%ы толук убакыт иштечү жумушка алынган. Расмий түрдө жалданган жумушчулардын арасында:

  • 91%ы 12 айга алынган
  • 3%ы 6 айга
  • 6%ы 3 айга

Бул айып пул салуу системасынын инновациялык жагы, ал формалдуу эмес экономикага тартылган иш берүүчүлөрдү жазалоо үчүн гана эмес, эмгекти формализациялоого көмөктөшүү үчүн иштелип чыккан.

Көмүскө иштегенден өз ыктыяры менен чыгуу демилгесин болсо Косовонун мисалында айтып беребиз.

Экономиканы көмүскөдөн чыгаруу үчүн, жумуш берүүчүлөр мурда кызматкерлерди расмий эмес жалдашканын билдиришсе жана андан кийин кызматкерди расмий келишим боюнча бир жылдан кем эмес жумушка алса, анда 2020-жылдагы коронавирус пандемиясынын учурунда берилүүчү кыска мөөнөттүү каржылык жардамга ээ болушат.

Косоводо министрликтер аралык топ 15 иш-чаранын оперативдүү планын иштеп чыгышкан. Бул ыкчам пландын алкагында, ишканалар кызматкер менен эмгек келишимин бир жылдан кем эмес түзсө, анда эки ай катары менен ар бир кызматкерге айына 130 евро өлчөмүндө финансылык колдоо ала алышкан.

Натыйжада, 6-майда финансы министри Бесник Бислими 10 597 жаңы кызматкер катталганын жана бул расмий иш менен камсыз кылуу 2.6%га көбөйгөнүн жарыялаган. Бул ыктыярдуу түрдө ачыкка чыгаруу ыкмасы схеманын потенциалдуу таасири жана эффективдүүлүгү жөнүндө мисал болуп бере алат.

Эл аралык эмгек Уюмунун сунуштары

Кыргызстанда мындай мунапыс (Косовонун мисалында) үчүнчү экономикалык пакеттин алкагында чакан жана орто ишканалар үчүн убактылуу салык жеңилдиктерине жеткиликтүүлүктү камсыздай алмак.

Бул изилдөөдө каралып чыккан өлкөлөр формалдуу эмес экономиканы көмүскөдөн чыгаруу  үчүн саясаттын толук спектрин колдонууну камсыздашы керек.

Саясий чектөө көмүскөдөгү экономиканын көлөмүн азайтышы мүмкүн, бирок аны формалдаштырып, кирешелүү кылуу үчүн ар кандай кубаттоочу ыкмалар колдонулушу зарыл. Ишенимди бекемдөө жана расмий эмес экономикага мамилени өзгөртүү демилгелери үчүн да ушундай куралдар колдонулушу шарт.

Бардык өлкөлөрдө көмүскөдөгү экономиканы ачыкка чыгарууда саясий чаралардын эффективдүүлүгүнө баа берүү зарылчылыгы бар. Андан тышкары, кайсы бир саясий демилгелерди киргизүүдө изилдөө жүргүзүп көрүп, «test, learn and adapt» деген ыкмага салыш керек.

Ошондой эле формалдуу экономикага өтүүнү координациялоо үчүн түзүлгөн жогорку деңгээлдеги орган бул максатка жетүү үчүн структуралык өзгөрүүлөр талап кылынарын моюнга алышы зарыл.

Формалдуу институттар тарабынан ресурстарды ысырап кылуу деңгээлин төмөндөтүү жана алардын натыйжасыздыгын:

  • өкмөттү модернизациялоо, мисалы, кызмат көрсөтүүлөрдүн ишенимдүүлүгүн жана мамлекеттик чыгымдардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу
  • коррупцияны азайтуу жолдору аркылуу чечиш керек.

Расмий институттардын кемчиликтерин жана алсыздыктарын:

  • киши башына ИДПнын өсүшү
  • узак жана дени сак жашоо, маалымдуулуктун жогорку деңгээли жана татыктуу жашоо деңгээли сыяктуу инсандык өнүгүүнүн аспектилерин жакшыртуу
  • социалдык прогрессте адамдын негизги муктаждыктары, укуктар жана билим берүү сыяктуу аспектилерин жакшыртуу
  • салык ставкаларын жогорулатуу (азайтуу эмес)
  • мамлекеттик чыгымдардын жана өзгөчө социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнө каражатты бөлүүнү көбөйтүү
  • жакырчылыктын деңгээлин масштабын азайтуу аркылуу жоюу керек.

Расмий институттардын алсыз даражасын:

  •  мыйзамдын үстөмдүгүн, өкмөттүн эффективдүүлүгүн, жөнгө салуучунун жана элдин саясатчыларга болгон ишенимин жогорулатуу жолдору аркылуу төмөндөтүү сунушталат.

Формалдуу институттардын туруксуздук жана белгисиздик даражасын төмөндөтүү жолдору:

  • саясий чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындуулуктун деңгээлин жогорулатуу.

ЭЭУ жана анын эксперттери көп тараптуулукту жайылтууда чоң салым кошуп, интегралдык стратегиялык мамиле көптөгөн өнөктөштөрдүн катышуусун талап кылаарын баса белгилешип, ар бир кызыкдар тарап үчүн өнөктөштүктү куруу жана башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо үчүн колдоно ала турган процесстерди белгилешти.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют