«Түндүк электр» ААКсы 3.5 миңден ашык үй чарбасынын жана 1.5 миңден ашык абоненттердин электр жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Эртең 10-августтан тартып «Түндүк электр» ААКсынын электр энергиясын көзөмөлдөө жана эсепке алуу боюнча автоматташтырылган маалыматтык өлчөө системасы дебитордук карызы 6 млн сомдон ашык сумманы түзгөн Бишкек шаарындагы 5 миңден ашуун абоненттеринин жарыктарын өчүрөт.
Белгилей кетсек, 1-августка карата «Түндүк электр» ААКтын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 390 млн сомду түзгөн.