КРда ар бир төртүнчү аял жумушта басмырлоого учурайт – Эмне кылуу керек?

КРда ар бир төртүнчү аял жумушта басмырлоого учурайт – Эмне кылуу керек?

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жогорку окуу жайларда жана жумуш орундарында сексуалдык кысымга дуушар болгонун Кыргыз аял-судьялар ассоциациясы билдирди. Бул көйгөй башка терс кесепеттердин чынжырын пайда кылат, мисалы, депрессия, жумуштан кетүү каалоосу ж.б. Учурда өлкөдө аялдарды жумуш ордунда кысымга алуудан коргоочу эффективдүү механизмдер жок.

Дүйнө жүзүндө 2021-жылдын июнь айында зомбулук жана куугунтуктоо жөнүндө №190 Конвенцияны ратификациялоого көмөктөшүү үчүн Глобалдык Аракет Жумалыгы өткөрүлдү. Эксперттер сексуалдык асылуу, жумуш ордундагы зомбулук, гендердик теңчилик жана башка тиешелүү темалар боюнча талкууларды жүргүзүштү.

Economist.kg редакциясы көйгөйдүн алдын алуу жана жабыр тарткандарды коргоо үчүн кандай чаралар бар экенин билүүгө аракет кылды.

Мыйзам эмне дейт?

Сексуалдык асылуу аныктамасы «Эркектер менен Аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» мыйзамында жазылган.

Сексуалдык асылуу – бул кызматтык, материалдык, үй-бүлөлүк жана башка көз карандылыкта болгон адамды кемсинтүү, оозеки же физикалык түрдө көрсөтүлгөн сексуалдык мүнөздөгү аракеттер.

Сексуалдык асылуу түз гендердик басмырлоо болуп саналат. Жумуш берүүчү ар кандай жыныстагы кызматкерлерге сексуалдык кысым көрсөтүүдөн баш тарткандыгы үчүн басынтууларга же гендердик басмырлоо боюнча иш берүүчүнүн үстүнөн арыз жазды деген негизде кысымга алуусуна тыюу салынат.

Гендердик стереотиптердин негизинде жумуш берүүчү кызматкерлерге кысым көрсөтсө же сексуалдык асылуу учурлары болсо, анда ал  мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат. Иш берүүчү сексуалдык асылуунун алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Кыргызстандагы абал

2019-жылы Кыргыз аял-судьялар ассоциациясы университеттерде жана жумуш орундарында сексуалдык асылуу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгын сунуштаган. Анда алар ар бир төртүнчү аял сексуалдык кысымга дуушар болгонун жана өздөрү да дуушар болгонун айтышкан. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, сексуалдык кысымдын 80%ы мамлекеттик органдарда болот.

Кыргыз аял-судьялар ассоциациясынын өкүлү Чынара Айдарбекованын айтымында, сексуалдык асылуудан көбүнчө жаш кыз-келиндер жабыркайт.

«Изилдөөнүн отчетундагы кысым көрсөтүүдөн кийин аялдар өзүн алсыз сезип, басынтылгандан кийин өз ишине болгон кызыгуусу жоголгонун окуганымда ушундай көңүлүм чөктү, – дейт Чынара Айдарбекова.

Жумуш ордунда азыраак бийликке ээ болгон аялдар үстүңкү даражада турган аялдарга караганда көбүрөөк сексуалдык зомбулукка кабылышат. Ошондой эле, ар бир бешинчи студент кыз университетте сексуалдык жактан кысымга алынган.

Аялдын эмоционалдык, психологиялык, физикалык абалы уюмдун экономикалык жана финансылык абалына таасир этет. Жумуш ордунда сексуалдык асылуу өндүрүмдүүлүктүн жоголушуна жана түз чыгымдарга алып келет жана бул өкмөт үчүн да, жумуш берүүчү үчүн дагы кымбатка турат.

Көйгөйдү кантип чечсе болот?

Сексуалдык асылуу масштабын азайтуу жана коомчулуктун көйгөй тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу үчүн эксперттер мамлекеттик органдарга гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууну сунушташат.

Жергиликтүү эксперттер велосипед ойлоп табуунун кажети жок деп, башка өлкөлөрдө эффективдүү колдонулуп жаткан эң мыкты эл аралык тажрыйбаны колдонууга чакырышат.

Мальтада сексуалдык асылуу Эмгек жана эмгек мамилелери мыйзамы жана гендердик теңчилик мыйзамы менен аныкталат жана тыюу салынат. Басмырлоо да, сексуалдык асылуу да мыйзам тарабынан тыюу салынган. Сексуалдык асылуу гендердик басмырлоонун бир түрү катары каралат.

Сексуалдык зомбулукка байланыштуу мыйзамдын жоболорун бузган адам кылмыш үчүн күнөөлүү деп табылып, 2 329.37 еврого чейин айып пул төлөөгө же алты айга чейин эркинен ажыратууга, же айып менен бирге түрмөгө отуруу жазасын алат.

Жумуш берүүчү, эгерде ал сексуалдык асылууну басууга чара көрбөсө, этибарга албаса, анда ал адамды басмырлады деп эсептелет. Эгерде кызматкер жумуш берүүчү куугунтуктоону, сексуалдык асылууну жана кодулабоо жоболорун бузду деп ырастаса, ал тиешелүү органдарга арыз менен кайрыла алат. Трибунал эмгек келишимин бузууга буйрук бере алат жана бул жоболордун бузулушунун натыйжасында, жабыркаган тарапка келтирилген зыян үчүн компенсация төлөттүрүп бере алат. Гендердик басмырлоонун бардык түрлөрүн, атап айтканда, жумуш ордунда басмырлоону жана сексуалдык асылууну, жумушка орношуу, окутуу жана кызматтан жогорулатуу боюнча алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү иш берүүчүнүн милдети болуп эсептелет.

 «Жумуш ордунда сексуалдык асылууну изилдөө: чакырыктар жана жооптор». 2017 жыл.

Ошондой эле эмгек мамилелеринде сексуалдык асылуу аныктамасын караган эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталууда жана иш берүүчү эмгек шарттарынын коопсуздугун камсыздоого милдеттүү болот.

Эл аралык стандарттарда көрсөтүлгөн бардык квалификациялык өзгөчөлүктөрдү камтыган кылмыш кодексине сексуалдык асылуу боюнча көз карандысыз кылмыш киргизүү жана сексуалдык асылуу жасаган адамдардын эркиндигин чектегенге чейин адекваттуу санкцияларды киргизүү.

Сексуалдык асылууну азайтуу үчүн жумуш берүүчүлөр жумуш орундарына айнектен жасалган дубалдарды, кулпуланбай турган эшиктерди жана видеобайкоо орното алышат.

Мындан тышкары, эксперттер болгон окуяны деталдуу сүрөттөө менен басынтууларды анонимдүү түрдө берүү системасын киргизүүнү сунушташат. Бүгүнкү күндө сексуалдык асылуудан коргонуунун бул ыкмасы эң эффективдүү. Мындай билдирүүлөрдү кризистик борборлор кабыл алышы мүмкүн, мында жабырлануучу бардык психологиялык жана медициналык жардамдарды ала алат. Мындан тышкары, өзгөчө оор учурларда борборлор арыздарды түзүүгө жана укук коргоо органдарына жөнөтүүгө жардам бериши мүмкүн.

Эмне иштер жасалууда?

Май айында Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова, Евгения Строкова, Наталья Никитенко, Бурул Аманова, Махабат Мавлянова кызматкердин жеке кол тийбестик укугун коргоо максатында кызматчыны басмырлоодон коргоону камсыз кылуу,  укуктук мамилелер тууралуу иштелип чыккан мыйзам долбоорун талкууга коюшкан.

Мыйзам долбоору эмгек мыйзамдарына Эмгек дүйнөсүндө зомбулукту жана басмырлоону жоюу жөнүндө ЭЭУнун Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу менен сексуалдык асылуудан коргоо боюнча эмгек мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт:

  • Депутаттар кысым көрсөтүлгөн жаранга материалдык жана моралдык компенсация берүүнү сунушташат, бул басмырлоонун көрүнүшү болгон сексуалдык асылууга тыюу салууну мыйзамдаштыруу керек деп эсептешет.
  • Эмгек кодексин эмгек мамилелерин жөнгө салуу принциби катары басынтууга тыюу салуу жөнүндөгү норманы деталдаштырган, кысымга алууну караган берене менен толуктоо сунушталган. Бул кызматкерге кысым көрсөтүүдөн келтирилген зыяндын ордун толтуруу укугун толук колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
  • Мындан тышкары, эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, анда иш берүүчүлөр уюмдагы эмгек коопсуздугун камсыздоого багытталган жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга мажбур болушат.
  • Ошондой эле башка кызматкерге кысым көрсөтүүнүн негизинде кызматкердин ишин токтотуу эрежелерин киргизүү сунушталат. 
  • Жумуш ордунда басмырлоону чечкен коопсуз эмгек шарттарынын жоболорун түшүндүрүүнү киргизүү шарт.
  • Ошондой эле эмгек келишиминде сөзсүз түрдө кызматкерди басмырлоолордон, компенсациялардан коргоону камсыз кылуунун эрежелерин жана тартибин, ошондой эле компенсациянын тартибин жана өлчөмүн көрсөтүү керектигин караган нормаларды иштеп чыгуу керек.
  • Уюмдардын бардык кызматкерлери, анын ичинде жумуш берүүчү, эмгекти коргоо, этикалык эрежелер жана уюштуруу маданиятынын нормалары боюнча билимин текшерүүдөн өтүшү керек.

Жумуштагы зомбулукту жана куугунтукту жоюу жөнүндө конвенция

Сунуш кылынган чаралар толугу менен Эмгек дүйнөсүндө зомбулукту жана басмырлоону жоюу боюнча 190-конвенциянын сунуштарына ылайык келет, алар төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

  • Зомбулукка жана басмырлоого мыйзам деңгээлинде тыюу салуу
  • Зордук-зомбулукка жана басмырлоого каршы тиешелүү саясат
  • Зордук-зомбулуктун жана басмырлоонун алдын алууга жана чечүүгө багытталган чараларды ишке ашыруу үчүн комплекстүү стратегияны кабыл алуу
  • аткаруу жана мониторинг механизмдерин түзүү же күчөтүү
  • жабыркагандарга укук коргоо каражаттарына жана колдоо алууга мүмкүнчүлүк берүү
  • күнөөлүү адамдарды жазалоо
  • Инструменттерди жана көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу, ошондой эле тиешелүү түрдө жеткиликтүү форматта билим берүү жана окутуу жана адвокатура
  • Зордук-зомбулук жана кысым көрсөтүү учурларын текшерүүнүн жана иликтөөнүн эффективдүү каражаттарын башка компетенттүү органдарды тартуу менен эмгек инспекциясынын кызматтарын камсыздоо.

Конвенцияны ратификациялаган уюмдун ар бир мүчөсү жумуш дүйнөсүндөгү адамдын зордук-зомбулуктан жана басынтуудан коргоо укугун билет жана кабыл алат. Ал эми Кыргызстан болсо азырынча бул конвенцияны ратификациялай элек.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют