Дагы бир коррупциялык жол – эксперттер аймактык милициянын текшерүүлөрү бизнеске кандай коркунуч келтирерин айтып беришти

Дагы бир коррупциялык жол – эксперттер аймактык милициянын текшерүүлөрү бизнеске кандай коркунуч келтирерин айтып беришти

Ишканаларды текшерүү үчүн аймактык милицияга ыйгарым укуктарды берүү жаман натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg сайтына Кыргызстандын ишкерлер бирлигинин президенти Мелис Сатаров билдирди.

Ал белгилегендей, райондук милиция кызматкерлеринин бизнеске эч кандай тиешеси жок. Бул дагы бир коррупцияга жем болот.

Сатаровдун пикиринде, бул демилге биринчи кезекте чакан жана орто бизнеске тиешелүү болот. Экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров да анын пикирине кошулат. Абакиров ИИМ кире албаган ири ишканалар текшерилбейт деп эсептейт. Карапайым эл кыйналып калат – кимдир бирөө, төлөп, ишин уланта берет, төлөй албаган адамдар бизнесин жабышат.

Абакировдун айтымында, мындай чаралар жумушсуздукту күчөтүп, экономиканы талкалайт.

Эске сала кетсек, өткөн айдын ортосунда экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров экономикалык чөйрөдө райондук башкармалыктарга текшерүүчү ыйгарым укуктарды бере турган токтом долбоорун иштеп чыгып, министрлер кабинетине киргизүүнү тапшырган. Өткөн шаршемби күнү, 4 -августта, бул маселе боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өткөн.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Жол эрежесин бузуу үчүн айып төлөө мөөнөтү 15 күндөн 30 күнгө чейин узартылат 30 ноябрда 2022 г.    11:38
Улуттук банктын божомолу боюнча 2023-жылы 413.5 млрд сомго чейин сатып алуулар карталар аркылуу жүрөт 30 ноябрда 2022 г.    11:08
ЖКККББ унаага тартылган сүрөт жана жазуулар үчүн коррупциялуу айып пулду кайра кайтарып жатат 30 ноябрда 2022 г.    10:38
Каттоосу жок пенсия төлөө токтотулат деген маалымат туура эмес – Соцфонд 30 ноябрда 2022 г.    9:50
Садыр Жапаров Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычы жана Өзбекстан менен чек ара боюнча келишимдерге кол койду 30 ноябрда 2022 г.    9:32
Жогорку Кеңештин депутаттары MegaCom компаниясынын иши менен таанышышты 29 ноябрда 2022 г.    17:54
Чакан бизнеске өкмөттөн баарынан мурда үч нерсе керек: акча, кредиттик кепилдиктер жана салык жеңилдиктери 29 ноябрда 2022 г.    17:38
Кыргызстанда онлайн-казинолорго 4% гана салык салуу сунушталып жатат 29 ноябрда 2022 г.    16:29
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют