ОКӨФ ишин жандандыргандан бери жалпы суммасы 6 млн долларлык төрт долбоорду каржылады

ОКӨФ ишин жандандыргандан бери жалпы суммасы 6 млн долларлык төрт долбоорду каржылады

Орус-кыргыз фонду (ОКӨФ) ишин жандандыргандан бери жалпы суммасы 6 млн долларлык төрт долбоорду каржылаганын уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Июль айында болжол менен 33 млн долларга бааланган төрт ири долбоор жактырылган. «Кызматкерлер, ОКӨФтүн төрагасы жана мүчөлөрү күн сайын ишкерлер менен жолугушуп, арыздарды кабыл алышат. Бир айдын ичинде эле фондго 76 млн долларга 16 арыз түштү, бул фонддун кароосундагы бардык долбоорлордун суммасынын 35%ын түзөт», – деп билдиришти уюмдан.

«Ар бир долбоор үчүн биз алардын өлкөгө социалдык-экономикалык таасири тууралуу толук маалымат беребиз. Ошондой эле өнөктөш банктар аркылуу активдүү иштер жүрүп жатат. Июлда чакан жана орто бизнес үчүн коммерциялык банктар аркылуу берилген кредиттердин көлөмү 4.4 млн долларды түздү (салыштыруу үчүн, июнда 1.2 млн доллар болгон). Көптөгөн иштер аткарылды, 1 -августка карата фондго 2.4 млн доллар киреше келди», – деди ОКӨФтүн төрагасы Артем Новиков.

Эскерте кетсек, кечээ эле, 5-августта ОКӨФ  «Прод Импекс» консервалоочу заводуна 70 млн сомго кепилдик берип,  тиешелүү келишимге «Кепилдик фонду» менен бирге кол койгон.

Фонддун кепилдиги астында алынган каражаттар кеминде 350 фермерден чийки зат сатып алууга жумшалат. Продукциянын жалпы көлөмү убада кылынгандай жылына кеминде 2.4 миң тоннаны түзөт.

Фонддун төрагасы Артем Новиковдун айтымында, бул «Прод Импекс» менен кепилдиктерге биринчи кол коюу эмес. «Заводду 2017-жылы кайра каржылоо башталган, бул ири долбоор, ага фонддун өзү эле 3.9 млн доллар инвестиция салган, анын жалпы баасы 6.5 млн доллар турат», – деди ал.

«Биз үчүн долбоор кластердик мамилени өнүктүрүү жана өлкөнүн региондорун өнүктүрүү көз карашынан алганда маанилүү. Мындай долбоорлор бардык жарандарды жана бардык региондорду камтыйт, алар компания менен бирге иштөөгө, өнүгүүгө жана өсүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Фонд өз кезегинде ишкананы колдоону жана өнүктүрүүнү улантууга даяр», – деп кошумчалады Новиков.

  • «Прод Импекс» ААК – жашылча-жемиштерди консервалоочу ата мекендик өндүрүүчү ишкана. Ишканада өндүрүш процесси FSSC 22000, FDA азык-түлүк коопсуздугунун жогорку эл аралык стандарттарына ылайык тастыкталган. Өндүрүлгөн продукциялар ЕАЭБ рынокторунун талаптарына жооп берет.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 30 тонна чийки зат чыгарууга ылайыкташылган. Заводдо 100 адам туруктуу иштейт, жыл сайын июнь айынан октябрь айына чейин өндүрүш мезгилинде ошончо адам кошумча жумуш менен камсыздалат.

Белгилей кетсек, учурда ОКӨФтүн портфелине түз каржыланган 67 долбоор жана коммерциялык банктар менен микрофинансылык уюмдар аркылуу каржыланган 2973 долбоор кирет. Берилген кредиттердин жалпы суммасы – 384 млн долларды түзөт.

Портфелдин көбүн агроөнөр жай комплексинде, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө жана өндүрүүгө (өндүрүш жана металлургия өнөр жайларында) арналган долбоорлор түзөт.

Жалпысынан фонддун капиталы 535 млн долларды түзөт, бул КРнын бүт банк системасынын капиталы менен салыштырылат.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилди 21 сентябрда 2022 г.    11:19
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу 21 сентябрда 2022 г.    9:56
Биз тажик кошунабыз менен цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүүгө даярбыз – Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөдү 21 сентябрда 2022 г.    9:40
Кыргызстандын биринчи бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит каза болду 21 сентябрда 2022 г.    9:11
Кашкар – Ош – Анжиян – Галаба – Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти 20 сентябрда 2022 г.    16:28
Бийлик элди тажиктерге салып берип жатат – Баткендин Аксай айылынын тургундары нааразы 20 сентябрда 2022 г.    15:17
Бюджеттен 500 млн сом бөлүндү – жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк менен камсыздоого багытталат 20 сентябрда 2022 г.    14:36
Тажиктердин куралдуу кол салуусунан Баткенде 700дөй объект талкаланды – дагы такталууда 20 сентябрда 2022 г.    13:52
Все новости
НБ КР
USD 81.13
EUR 81.20
RUB 1.32
Моссовет
USD 82.44
EUR 82.90
RUB 1.37

Конвертер валют