Бишкек шаарында өтүүчү кыргыз-түрк бизнес-форумуна каалоочулар чакырылат

Бишкек шаарында өтүүчү кыргыз-түрк бизнес-форумуна каалоочулар чакырылат

2021-жылдын 6-августунда Бишкек шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк Бизнес-форуму жана Кыргызстан менен Түркиянын ишкерлеринин В2В жолугушуулары өткөрүлөт.

Бул форумга катышууну каалагандар КРнын Инвестициялар министрлигине (Курманжан Исакова, тел. +996 554 828 881, эл.почта: kurmanjan07@mail.ru) кайрылуулары керек.

Бизнес-форумга Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов, ТРнын Вице-президенти Фуат Октай, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигинин (TOВВ) жана Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин (DEIK) Президенттери баштаган түрк ишкердик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышат.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют