Кыргызстан Digital CASA долбоору үчүн келген 50 млн долларлык инвестицияны жоготуп алуу коркунучунда, анын 25 млн доллары гранттык каражаттар, 25 млн доллары жеңилдетилген насыя түрүндө бөлүнгөн. Бул тууралуу Economist.kg сайтына өздүк булактардан билдиришти.
Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган Digital CASA долбоору 2019-жылы ишке кирип, 2023-жылы аяктамак. Бирок, долбоорду ишке ашыруу маселелери азырынча макулдашыла элек.
Долбоордун эксперттери Economist.kg сайтына билдиришкендей, КРнын бийлиги техникалык тапшырманын дизайнын бир нече жолу өзгөрткөн, бул болсо долбоордун аткарылышын дайыма кечеңдетип келген.
«Дүйнөлүк банк менен долбоордун дизайнын макулдашкандан кийин кайра каржылоо жөнүндө макулдашуунун ички жол-жоболорун (ратификация) жүзөгө ашыруу керек болот. «Каржылоо келишимин токтотуу, кайра каржылоо жөнүндө макулдашууну сүйлөшүү жана ратификациялоонун бардык процедурасы болжол менен эки жылга созулушу мүмкүн. «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоору өзү 2023-жылдын май айына чейин гана иштелип чыкканын эске алсак, гранттык негизде бөлүнгөн бул каражаттарды жоготуп алуу коркунучу бар.
Негизги дизайнды негизсиз эле өзгөртүү же Дүйнөлүк Банктын талаптарын бузуу аракеттери, ошондой эле долбоордун негизги субкомпоненттерин ишке ашыруудан баш тартуу же жасалма кечиктирүү – акыры долбоордун жабылышына алып келиши мүмкүн», – дешет эксперттер.
Белгилей кетсек, «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорунун максаты – бул КРнын секторлоруна жеке инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик кызматтарды санарипке өткөрүү потенциалын жогорулатуу менен бирге Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.
Долбоор төрт компоненттен турат:
- Санарипке өтүүгө байланышкан аймактык инфраструктура (21 млн доллар)
- Аймактык маалымат борборлору, санариптик платформалар жана интеллектуалдык чечимдер (18.1 млн доллар)
- Санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү (8.4 млн доллар)
- Долбоорду башкаруу (2.5 млн доллар)