Минюст мамлекеттик нотариустарды ротациялоону баштады

Минюст мамлекеттик нотариустарды ротациялоону баштады

Юстиция министрлиги 2021-жылдын 29-июлунда мамлекеттик нотариустарды ротациялоо жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүнкү күндө республика боюнча мамлекеттик нотариустардын штаттык саны 79 адам. Министрлик мамлекеттик нотариустардын штаттык санын көбөйтүү жөнүндө маселени иштеп чыккан. Азыр мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамга ылайык, процедуралык учурлар боюнча иш жүргүзүлүп жатат.

Кошумча штаттык бирдиктер республика (же калктуу конуш) боюнча элдин жыштыгына жана мамлекеттик нотариустардын ишинин көптүгүнө жараша бөлүштүрүлгөн.

Республика боюнча жалпы 54 нотариустук контора бар, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 4
  • Ош облусунда – 8
  • Чүй облусунда – 8
  • Талас облусунда – 4
  • Нарын облусунда – 5
  • Баткен облусунда – 5
  • Жалал-Абад облусунда – 13
  • Ысык-Көл облусунда – 7

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют