Германиянын КРгы элчиси Моника Иверсендин дипломатиялык миссиясы аяктады

Германиянын КРгы элчиси Моника Иверсендин дипломатиялык миссиясы аяктады

Кечээ, 29-июлда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германия Федеративдүү Республикасынын КРгы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Иверсенди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Тараптар кыргыз-герман мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты.

Тараптар өлкөлөрдүн ортосунда 2022-жылы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүгө, анын ичинде жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Руслан Казакбаев Элчи Моника Иверсендин Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн ТИМдин ведомстволук сыйлыгын тапшырды.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Банктардын кредиттик портфелинде жыл башынан бери доллардын көлөмү 12%га кыскарды 28 ноябрда 2022 г.    10:50
Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын “Кумтөр” алтыны сакталып турат – Садыр Жапаров 28 ноябрда 2022 г.    9:52
“Сосновка” постунда жасалма акциздик маркалары менен 4 миң бөтөлкө алкоголь кармалды 28 ноябрда 2022 г.    9:34
«Элсом» китепканачылардын жана кыргыз тилчи мугалимдердин форумуна катышып, колдоо көрсөттү 25 ноябрда 2022 г.    17:58
Садыр Жапаров коррупцияны азайта албаганын мойнуна алды 25 ноябрда 2022 г.    17:14
Дүйнөлүк банк Баткендин бюджетин жана ишкерлерин колдоо үчүн 25 млн доллар бөлдү 25 ноябрда 2022 г.    16:36
Кыргызстандын бизнеси бюджетке 29 млрд сомдон ашык карыз 25 ноябрда 2022 г.    15:58
Кытайдан Өзбекстанга темир жолдун курулушун изилдөө үчүн кытайлык инженерлер келишти 25 ноябрда 2022 г.    14:56
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют