Бишкек-Ош унаа жолунун асфальт-бетон төшөлмөсүн орнотуу республикалык бюджеттен каржыланат

Бишкек-Ош унаа жолунун асфальт-бетон төшөлмөсүн орнотуу республикалык бюджеттен каржыланат

Бишкек – Ош унаа жолунун 132-141-чакырымына чейин эки катмарлуу асфальт-бетон төшөлмөсүн орнотуу «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча жүргүзүлүүдө жана 2021-жыл үчүн республикалык бюджеттен каржыланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Учурда Бишкек – Ош унаа жолунун 132-141-чакырымдагы тилкесинде курулуш иштери жүрүүдө, аны менен катар 132.5-133-чакырымында асфальт-бетондун биринчи катмарын төшөө менен эски жол тилкесин тегиздөө жүргүзүлгөн.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Бишкек – Ош унаа жолундагы реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышып, Өтмөк ашуусундагы Суусамыр – Талас-Тараз жолунун абалын да текшерди.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют