Улуттук банк 26-июлда эсептик ченди (негизги ченди) 100 базистик пунктка 7.5%га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу УБтын маалымат кызматы билдирди.
Чечим 2021-жылдын 27-июлунан тартып күчүнө кирет.
Регулятордун билдиргенине караганда, пандемиянын кесепетинен кийин глобалдык экономиканын калыбына келиши кыйла тез жүрүүдө. Ага мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча дем берүүчү чаралар менен калкты жалпы эмдөөдөн өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин негизинде карантиндик чектөөлөрдүн кыскарышы өбөлгө түзүүдө.
Бирок, COVID-19 вирусунун жаңы штаммдарынын пайда болуу тобокелдиктерин эске алганда, глобалдуу сыяктуу эле, регионалдык экономикалардын өнүгүүсүндө белгисиздик сакталып турат.
КРда экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келүүсү байкалууда (2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында, «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, реалдуу ИДӨнүн өсүшү 3.7%ды түзгөн). Ошол эле учурда өнөр жай өндүрүшү менен курулуш көлөмүнүн кыскарышы өлкө экономикасынын толук масштабда калыбына келүүсүн чектөөдө.
Ички керектөө салыштырмалуу деңгээлде анчалык калыбына келе элек, ал өлкөгө акча каражаттарын которуунун алгылыктуу динамикасы менен колдоого алынып турат. 2021-жылдын январь-май айларында жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кириши 778.1 млн долларды түзүү менен 45.3%га жогорулаган.