Ош областынын Орке айылындагы мектептин курулушуна бюджеттен 14 млн сом бөлүнгөн. Учурда аталган мектеп 75%га даяр. Бул тууралуу мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул билим берүү объектисин курулушу 2020-жылдын башында башталган.
Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан окуу корпустун чатырын жабуу боюнча иштер, терезе жана эшик блокторун орнотуу иштери аткарылып, сырткы жана ички коммуникациялардын түзүлүштөрү бүткөрүлдү. Учурда, ички жасалгоо жумуштары менен тышкы келбети жана абаттуулугу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, аталган объекттин сметалык наркы 58 млн 300 миң сомду түзөт. Быйылкы жылы, бүткөрүү үчүн 14 млн 800 миң сом бөлүнгөн.
Ал 375 окуучуга эсептелген. Мектептин ачылышы 2021-жылдын жаңы окуу жылына пландаштырылууда.