Кечээ, 26-июлда Талас облусунун ишкерлери Эл аралык ишкерлер кеңешинин жана КРнын президентинин Администрациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйында таластык бизнесмендер аймактагы көйгөйлөрдү айтышып, мамлекеттик системадагы өзгөрүүлөргө тынчсыздангандарын билдиришти. Бул тууралуу Эл аралык ишкердик кеңешинин маалымат кызматы кабарлады.
ЭИКтин маалыматына ылайык, таластык бизнесмендер эми өкмөттөгү түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция кандай иштейт деп тынчсызданышууда. Андан тышкары, алар сугат, тоют, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, тагыраак айтканда, төө буурчак өсүмдүктөрүн өндүрүү жана башка көйгөйлүү маселелер жөнүндө айтып беришти.
Ошондой эле, региондор менен республикалык бюджеттин жана Каржы министрлигинин өз ара мамилелер системасын өркүндөтүү керек. Бюрократиялык кечигүүлөрдүн айынан аймактар өз убагында каражаттарды ала албай, пландаштырып, бирок өздөштүрө албай калган учурлар көп кездешет. Натыйжада, алар жылдын аягына чейин эч кандай жыйынтыктуу иш алып бара албай, өнүкпөй калып жатат деп билдирди ЭИК.
«Биз ушул тармактардын баарында ишкерлерге жардам берүүгө аракет кылабыз. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча, биз ишкерлерге жардам көрсөтүү жана аймактардын экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгабыз. Биздин сунуштар түздөн-түз КРнын президентинин Администрациясына жана Министрлер Кабинетине берилиши маанилүү», – деп жыйынтыктады ЭИКтин башчысы.
Эксперттик топ өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, алыскы аймактардагы ишкерлерди тынчсыздандырган көйгөйлөр жөнүндө өз ооздорунан угуп, аларды чечүү жолдорун издөөнү пландаштырууда.