Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда 112 млн сомдук курулуш жүрүп жатат

Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда 112 млн сомдук курулуш жүрүп жатат

Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда эки айдан бери конференц-зал курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болгонун 24kg кабарлады.

Долбоордун жалпы суммасы 112 млн сомду түзөт. Экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөковдун айтымында, анын жарымын Россия каржылап жатат. РФ Кыргызстанга конференц-залдын курулушуна жана телекоммуникациялык, видеобайкоо жабдууларын сатып алууга 44.5 млн сом грант бөлгөн.

Конференц-зал 300 адамга эсептелген жана Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясындагы конгресс-холлго окшош болот. Жыйындар залы 15-августта пайдаланууга берилмекчи.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 81.05
EUR 80.70
RUB 1.33
Моссовет
USD 82.61
EUR 83.14
RUB 1.38

Конвертер валют