ЕРӨБ КРнын алыскы аймактарындагы чакан бизнестерге 2 млн доллар насыя берет

ЕРӨБ КРнын алыскы аймактарындагы чакан бизнестерге 2 млн доллар насыя берет

Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын алыскы аймактарындагы чакан бизнестерге насыя берүү үчүн «Байлык Финанс» микрокредиттик компаниясына 2 млн доллар насыя бөлөт.
 
ЕРӨБдүн маалыматы боюнча, насыя «Байлык Финанс»  компаниясына жаңы кардарларды тартууга басым жасап, өлкөнүн алыскы аймактарында жайгашкан насыя алуучулар үчүн каржылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
 
ЕРӨБ «Байлык Финанс» микрокредиттик компаниясы учурда Кыргызстандагы үчүнчү ири микрофинансылык уюм экендигин кошумчалады. 2021-жылдын март айынын акырына карата анын таза насыялары дээрлик 23 млн долларды түзүп, ал эми жалпы активдери болсо 27 млн доллардан ашкан.
 

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют