Шарджа – Бишкек – Шарджа туруктуу аба каттамы болот

Шарджа – Бишкек – Шарджа туруктуу аба каттамы болот

«Манас» эл аралык аэропорту ААКсы Бишкек жана Шарджа (БАЭ) шаарларынын арасындагы туруктуу аба каттамын улантаарын кабарлады.

Авиакаттам жумасына 3 жолу – шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы.

Шарджа – Бишкек – Шарджа маршруттук каттамын Air Arabia (БАЭ) авиакомпаниясы 2021-жылдын 16-июлунан тартып ишке киргизмекчи. Учуу убактысы  – төрт саатка жакын.

«МЭА» ААК учуулардын географиясын кеңейтүү жана жүргүнчүлөрдү ташууну көбөйтүү максатында жаңы авиакомпанияларды тартып , алар менен жаңы каттамдарды жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзүүдө.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют