Бишкек шаарынын электр энергияга дебитордук карызы 5 млн сомдон ашты

Бишкек шаарынын электр энергияга дебитордук карызы 5 млн сомдон ашты

Бүгүн, 6-июлдан тартып «Түндүк электр» ААК электр энергиясына мониторинг жүргүзүү жана өлчөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө системасы, дебитордук карызы бар Бишкек шаарындагы 2.7 миңден ашуун үй абоненттеринин электр жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

 Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы тиричилик абоненттеринин дебитордук карызы 5.2 млн сомго жеткен. 

Компания https://se.kg сайтында абоненттердин балансын билүү бөлүмү бар экендигин эске салат. Ошондой эле, абоненттер өз балансын күнү-түнү иштеген «Түндүк электр» 1209 чалуу борборуна чалып же 0551 00 12 09 номерине WhatsApp аркылуу билдирүү жазып, билип алса болот.

Абоненттер эсептерин Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), Megacom, «О!», «Оной» терминалдары, андан тышкары, «О!», MegaPay, UMAI, «Элсом» электрондук кошелектору, «РСК Банк», «Керемет Банк», «Дос Кредо Банк», «Бакай Банк», «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН», «Халык Банк», «КICВ Банк», «Оптима Банк» банктарынын кассалары же «Кыргызпочтасы» аркылуу төлөсө болот.

«Түндүк электр» ишканасы ыңгайсыздык жаралбаш үчүн, абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү убагында төлөөгө чакырат.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Улуттук банк оффшордук аймактарга Кюрасаону киргизди 6 декабрда 2022 г.    15:50
2023-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети 27.2 млрд сомду түзөт 6 декабрда 2022 г.    15:18
«Аэро Номад Эйрлайнс» Бишкек-Гоа-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды ачат 6 декабрда 2022 г.    14:00
Кыргызстанда микрокредиттерди накталай эмес формада берүүгө мүмкүнчүлүк берилет 6 декабрда 2022 г.    13:30
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жаңы тарифтери чет өлкөлүк квалификациялуу адистерден ажыратат – ЭИК 6 декабрда 2022 г.    13:01
Кыргызстанда ЖЕЭК жыйыны өтөт 6 декабрда 2022 г.    12:30
Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга 10-декабрда мамлекеттик сапары менен келет – эки тараптуу документтерге кол коюлат 6 декабрда 2022 г.    12:00
«Ош» аэропортунда 632 миң сомдук Elevit Pronatal контрабандасына бөгөт коюлду 6 декабрда 2022 г.    11:29
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют