Кыргызстанда финансылык сабаттуулук боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Кыргызстанда финансылык сабаттуулук боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Улуттук банк Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коому (GIZ) менен биргеликте «Туруктуу экономикалык өнүгүүнү илгерилетүү» долбоорунун алкагында «Финсабат» деп аталган жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Бул тууралуу көзөмөл органдын маалымат кызматы кабарлады.

Тиркеме калктын, анын ичинде региондордун жашоочуларынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Финсабат – кирешелериңизди/чыгымдарыңызды көзөмөлдөп, жеке/үй-бүлөлүк бюджетиңизди башкарууга жана каржылык чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берген жеткиликтүү курал боло алат.

Мобилдик тиркеменин иш-милдеттери каржылык сабаттуулукту жогорулатууга жана акчаны сарамжалдуу башкаруу маданиятын тарбиялоого багытталган.

Finsabat мобилдик тиркемесин бул жерден жүктөп алсаңыз болот.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют