Тайырбек Сарпашев эч жакка кетпөө шарты менен эркиндикке чыгарылды – «Кумтөр» көйгөйү

Тайырбек Сарпашев эч жакка кетпөө шарты менен эркиндикке чыгарылды – «Кумтөр» көйгөйү

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин «Кумтөрдөгү» коррупция ишине байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал эч жакка кетпөө шарты менен эркиндикке чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди деп жазат kloop.kg.

УКМК Тайырбек Сарпашевди 18-июнда «Кумтөр иши» боюнча «коррупцияга» тиешеси бар деген айып менен камаган болчу.

Анда атайын кызматтан Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги жана канадалык Centerra компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери аныкталганын айтышкан.

Эскерте кетсек, Сарпашевден тышкары «Кумтөр» иши боюнча бир катар саясатчылар дагы кармалган, анын ичинде мурдагы өкмөт башчылар Өмүрбек Бабанов менен Мухаммедкалый Абылгазиев жана башка мамлекеттик кызматкерлер да бар.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют