Бийлик Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 1.1 млн дозасын алып келүүгө макулдашты

Бийлик Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 1.1 млн дозасын алып келүүгө макулдашты

Министрлер Кабинети президенттин тапшырмасы менен Кытайдан коронавируска каршы 1.1 млн доза Sinopharm вакцинасын алып келүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сатылып алынган 1.1 млн вакцинанын дозасы жакынкы күндөрү КРга атайын чартердик каттам аркылуу жеткирилет. Ушул эле борт менен Кытай Эл Республикасы тарабынан акысыз негизде берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы да келет.

Министрлер Кабинетинин аталган кадамы Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргызстанга эмдөөлөрдү жеткирүү тууралуу өз учурундагы чечимине жараша орун алды жана өлкө тургундарын вакцинациялоо темпин тездетүүгө жана COVID-19 дарты менен ооругандардын жана андан каза болгондордун санын кыскартууга мүмкүндүк берет. 

Республикага вакцинанын жеткирилиши жана калкты вакцинациялоо маселеси Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповдун жеке көзөмөлүндө.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют