«Кайыңды-Кант» фабрикасы кант базарындагы позициясын бекемдеди

«Кайыңды-Кант» фабрикасы кант базарындагы позициясын бекемдеди

2020-жылы «Кайыңды Кант» ААК өзүнүн позициясын бекемдеди, тагыраак айтканда, анын кант рыногундагы үлүшү 100%га чейин өстү. 2019-жылы өндүрүүчүнүн үлүшү болгону 56.4%ды түзсө, анын атаандашы «Кошой» ААК 36.4%ды ээлеген. Мындай маалыматты кант базарындагы атаандаштыктын абалын талдоонун негизинде Мамлекеттик монополияга каршы агенттик берди.

Мамлекеттик агенттик 2020-жылы кант кызылчасы 8.4 миң гектар айдоо аянтына гана айдалганын белгиледи. Бул 2019-жылдагы мол түшүмдөн базардагы кант кеңири болгондугу менен байланыштуу. Натыйжада, канттын наркы өздүк наркынан төмөн болуп, дыйкандардын эмгеги акталбай калгандыктан, алар кант кызылчасынын өстүрүүдөн баш тартышкан.

Мамлекеттик монополияга каршы агенттик кант кызылчасын өндүрүүнү өркүндөтүү, өзүнүн чийки зат базасын чыңдоо жана даяр продукция менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу үчүн төмөндөгүлөрдү жасоо керек деп эсептейт:

  • Кант азыктарын сактоо, өндүрүү жана ташуу боюнча инфраструктураны өркүндөтүү
  • Айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен кант кызылчасын кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы узак мөөнөттүү мамилелерди өнүктүрүү
  • Дыйкандардын айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө болгон кызыгуусун арттыруу үчүн кызылчаны сатып алуу, кабыл алуу жана кайра иштетүү боюнча заводдор менен кыска жана узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү

Ведомстводон маалымдагандай, КРда кант кызылчасын кабыл алуу пунктунан тартып, кант заводуна жеткирүүгө чейин республиканын ичиндеги ташуунун тарифинин 10%ы субсидияланат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери