ЮНИСЕФ Sinopharm вакцинасын алып келүүгө жардам берет

ЮНИСЕФ Sinopharm вакцинасын алып келүүгө жардам берет

Кытайда жасалган Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясын Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилди. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова Kaktus.media сайтына билдирген.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова Кытайдын Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясын Кыргызстанга алып келүүгө ЮНИСЕФ (UNICEF) жардам берерин билдирди. Анын айтымында, Кытай тарап эми жеткирүүлөрдүн көлөмү тууралуу маалыматтарды бериши керек.

Ишенапысова «Клооп» сайтына азырынча жеткирүүнүн так күнү аныктала электигин айткан.

Эскерте кетсек, буга чейин Кытайдын бийлиги бул вакцинанын 150 миң дозасын Кыргызстанга гуманитардык жардам катары берген болчу.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют