«Кыргызалтын» 29 млн долларды уруксатсыз банк эсебине чыгарып кетүү аракети тууралуу маалыматты четке какты

«Кыргызалтын» 29 млн долларды уруксатсыз банк эсебине чыгарып кетүү аракети тууралуу маалыматты четке какты

«Кыргызалтын» ААКму жасалма төлөм тапшырмасын колдонуп, 29 млн долларды уруксатсыз банк эсебине которуу аракети жөнүндөгү маалыматты четке какты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

«Сenterra Gold Inc. ишканасынын 12-майда бизди «жасалма төлөм документтерин колдонуп, каражат которуу операцияларын жүргүзүүгө аракет кылган» деген күнөөсү чындыкка дал келбейт. «Кыргызалтын» ААК ал күнү жана андан кийинки күндөрү эч кандай операцияларды жүргүзгөн эмес жана жасалма документ менен эч качан иш алпарбайт. «Кыргызалтын» ААК ар дайым мыйзамга баш ийген, белгилүү атка жана ишкердик кадыр-баркка ээ акционердик коом болуп саналат», – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Компания белгилегендей, 17-майда Жогорку Кеңеш «Кумтөр Голд Компани» ЖАКна убактылуу тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алып, өкмөт «КГКге» убактылуу тышкы менеджерди дайындаган. Буга байланыштуу, «Кыргызалтын»  12-майда алтын менен эч кандай каржылык операцияларды жүргүзө алмак эмес жана жүргүзгөн да эмес.

«Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кумтөрдөгү» кырдаал боюнча тынчсыздануусунун тең бөлүшөбүз жана «Кыргызалтын» ААКна карата негизсиз айыптоолордон алыс болууну суранабыз», – деп айтылат билдирүүдө.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

«Кумтөр» Токмокто дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүгө көмөктөшөт 6 декабрда 2022 г.    8:21
Баткендин өнүктүрүү программасын тездетип жыл сайын 1.5 млрд сомду кошумча субсидиялоо сунушталды 5 декабрда 2022 г.    17:50
Белоруссиялык ишкана менен таштандыларды кайра иштетүү жаатында меморандумга кол коюлду 5 декабрда 2022 г.    17:15
CASA-1000 долбоорунун жаңы электр чубалгысынын тирөөчтөрүн орнотуу 78% аяктады 5 декабрда 2022 г.    16:45
Коррупцияга каршы күрөштөн үч жылдын ичинде 7.8 млрд сом түшкөн 5 декабрда 2022 г.    16:15
ЭВФ Кыргызстанда бюджет тартыштыгы жана мамлекеттик карыздын өсүшүн болжолдойт 5 декабрда 2022 г.    15:45
Ислам өнүктүрүү банкы «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасына кызыкдар 5 декабрда 2022 г.    15:10
Алгачкы кыргызстандык социалдык тармакты 80 миң колдонуучу жүктөп алды 5 декабрда 2022 г.    14:40
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют