Кыргызстан кризистен кантип чыкса болот? Бүткүл Дүйнөлүк Банктын башкы кеңсесинен сунуштар

Кыргызстан кризистен кантип чыкса болот? Бүткүл Дүйнөлүк Банктын башкы кеңсесинен сунуштар

Кыргызстан COVID-19 илдетине чейин эле экономикалык кыйынчылыкта турган эле, ал эми пандемия болсо, анын баарын ачыкка алып чыкты. Учурда өлкөнүн экономикасы алтынды чыгарып берүү менен эмгек миграциясынан келген акчага эле таянып турат.

Бул кырдаалдан кантип чыгуу керек, эгер тийиштүү чаралар көрүлбөсө, мамлекетти кандай экономикалык кыйынчылыктар күтөөрүн Бүткүл Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы баш кеңсесинин өкүлү Навид Хасан Накви Economist.kg сайтына айтып берди.

– Өткөн жылы Кыргызстан бюджеттеги дефицитти жабыш үчүн резервдик мүмкүнчүлүктөрүнүн баарын колдонду жана көптөгөн кредиттерди, гранттарды алды. КРсы бул жылы социалдык милдеттерин аткара алабы?

– 2020-жылы Кыргызстандын экономикасы 4.2%ды түзгөн бюджеттин жетишсиздигине туш келди. Бул жылы болсо дефицит бираз азыраак болот го деген үмүттөбүз. Эгерде экономика өсүп баштаса, киреше да өсөт.

Андан сырткары, Кыргызстанда эки жана көп тараптуу агенттиктер бар. Анын ичинде финансылык колдоо көрсөткөн Бүткүл Дүйнөлүк Банк – пандемиядан залал көргөн экономика жана калктын ден соолугуна байланыштуу маселелер менен күрөшүүдө өкмөттүн кызыктар өнөктөшү болуп келет. Андыктан эгер басымды саясатка эмес экономикага койсо, бийлик кыйынчылыктарга туруштук бере алат.  

– Учурда бизнести колдоо үчүн кандай чаралар көрүлсө тасирдүү болот?

– Кичи жана орто ишканалар үчүн мамлекет эч нерсе кылбады дегенге болбойт, ал 2020-жылы салыкты кийинкиге калтырды жана салыктык льготаларды сунуштады.  

Бирок сиз айткандай, аларга финансылык колдоо көрсөтүлүп, аз пайыздагы же пайызы жок эле кредиттер берилсе да болмок. Ал эми кээ бир учурларда гранттар деле актап кетмек. Экономикалык кризиске кабылган кичине жана орто ишканалар жумушчуларын кетирүүгө аргасыз болушту, бул кредиттер – айлык төлөп жумушчу алууга, финансылык абалын турукташтырууга жана кайрадан кирешелүү иш-аракетке өтүүгө, жумуш орундар менен камсыз кылууга жардам бермек.  

– Бүткүл Дүйнөлүк Банктын мындай иш-чараларга колдоо көрсөтчү долбоорлору барбы?

– Ооба, өткөн жылы социалдык камсыздоо боюнча 50 млн долларлык долбоорго кол койгонбуз жана кичи, орто ишканаларды колдоого да 50 млн доллар бөлдүк. Долбоорлор парламент тарабынан октябрдагы саясий өзгөрүүлөргө чейин эле бекитилип, ратификацияланган болчу жана биз анын күчүнө киришин күтүп жаткан элек. Тилекке каршы, жаңы өкмөт аталган долбоорлордун ишке ашуусун кечиктирип жатат. Чынында, биз эски өкмөт менен баарын бекиткенибизге карабай, азыркы бийлик бул долбоорлор тууралуу кайра ойлонуп калды. Ошондуктан эки долбоор тең азыр токтоп турат.

Тилекке каршы, каржылоо жана дизайн Бүткүл Дүйнөлүк Банктын башкаруусунда бекитилгенине, сентябрда парламентте ратификацияланганына карабай ишке ашпай келет.

Бирок каржылоо бар, учурда процессти тездетиш үчүн өкмөт менен иш алпаруудабыз. Жогоруда айтып кеткендей, саясий туруксуздук жана белгисиздик бул долбоорлордун ишке киришин жайлатып салды. Бул БДБтын жана кыргыз өкмөтүнүн кризиске реакция кылуу жөндөмдүүлүгүн жайлатат.  

  – Кыргызстан ансыз деле кедей өлкөлөрдүн катарына киргенин эске алсак, өкмөт сунуштарга көңүл бурбаса, кандай залакалары болушу мүмкүн?

– Биринчиден, Кыргызстан пандемияга чейин эле экономикалык кыйын абалда турган болчу. Пандемия болсо баарын ачыкка чыгарды. Өлкөнүн экономикасы калтаңдап, алтындын чыгарылышы менен жана сырттагы мигранттардын жөнөткөн акчасына эле кармалып турганын көрсөттү. Адамдар акча табуу үчүн Россияга, Казакстанга кетип жатышат. Бул экономиканын эки мамысы десек болот.

Мындай тайыз негизде чың экономиканын болушу кыйын. Андыктан мен өлкө бетме-бет келип аткан негизги маселелер тууралуу айткым келет.

Барынан мурда, жакшы чың экономика – бул ийгиликке жеткенге мүмкүнчүлүктөрү бар активдүү жеке секторлор. Бардык ишмерлер үчүн бирдей шарттар болушу керек.  

Кыргызстан Евразиялык Экономикалык Союзга кирет, Чыгыш Азия мамлекеттери менен чоң соода байланышы бар, Кытай менен чектешкени эле укмуш экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү берет, мына ошол пайдалуу жактарын колдонушу зарыл. Мамлекет өзүнүн экономикасын диверсификациялап, ал өзүнүн айыл-чарба, туризм секторлорунда артыкчыктарын колдоно алаарына ишениш керек.

Бул үчүн өкмөт жеке секторлорду колдоого алып, ишканаларды ачып, жумуш орундарды түзүүгө жардам бериш керек. Сөзсүз түрдө аткара турган бир канча нерселер бар:

  • Калкты тез арада эмдөөдөн өткөрүп, саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелерди жок кылыш керек. Биринчи кезекте, калктын ден соолугу маанилүү. Эгерде вакцинация кылбасаңар, экономиканы көтөрүү кыйын болот.
  • Экинчиден, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо керек. Алар 2020-жылы бүт тараптан өтө оор жылды баштарынан өткөрүштү, бүт чогулткандарын пандемия убагында сарпташты, 2021-жыл алар үчүн андан да кыйын болмокчу.
  • Үчүнчүдөн, кичи, орто жана микроишканаларды колдоо керек. Алардын кайрадан жанданып, өзүнүн финансылык абалын турукташтырып, жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылганга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү зарыл.

Кыргызстан ошондой эле билим берүү тармагында кедейликтин айынан да көп артка кетип, чоң кризиске учурады.  

Энергетикалык сектор да оорулуу абалда турат. Энергия өндүрүү тармагындагы бардык техникалар жана жабдыктар эскирди. Алардын мөөнөтү эбак эле бүткөн, андыктан аларды да алмаштыруу зарылчылыгы турат.

Энергетикалык сектордогу тарифтер жок дегенде энергия өндүргөн чыгымдарды да жаппайт жана бул тармак өз максатында иш алпарбайт. Андыктан бюджеттен ушул жаатка да каржылар кетип жатат.  

Менин оюм боюнча, кандай гана болбосун, жардамга муктаждарды социалдык жактан камсыздап, ошол эле учурда энергетика тармагында таасирдүү тарифтик саясатты иштеп чыгыш керек.

Силер өзүңөрдүн гидроэнергетикалык потенциалыңарды колдонуп, сапаттуу электр энергиясын иштеп чыгып, жашыл экономиканы жаратканга, чөйрөнү жакшыртканга көмүрдөн баш тартышыңар зарыл. Силер өндүргөн энергияңарды CASA-1000 долбоору аркылуу Чыгыш Азия өлкөлөрүнө жана Борбордук Азиядагыларга экспорттосоңор болот.

Мен ойлойм, биздин алдыбызда көп маселелер турат. Алардын кээ бирлери пандемияга чейин эле болуп, пандемия убагында күчөп кетти. Бирок бир так нерсе, өлкө өсүп бараткан калкка ыңгайлашып, өнүккөн, туруктуу экономикага келиш үчүн белгилүү бир жолду басып өтүш керек.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют