«Кумтөр» кенин кантип иштетебиз? – Тенгиз Бөлтүрүк

«Кумтөр» кенин кантип иштетебиз?  – Тенгиз Бөлтүрүк

Centerra Gold Inc. (Кыргызстандын үлүшү 26.5%) ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү, «Кумтөр Голд Компанинин» убактылуу тыштан башкаруучусу  Тенгиз Бөлтүрүк бүгүн 20-майда өткөн парламенттин пресс-конференциясында журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берип жатып, кенди иштетүүдөгү коопсуздук, «Кумтөрдүн» жумушчуларынын айлык акысы жана өзүнүн кош жарандуулугу тууралуу бир топ багытта сөз кылды.

Юридикалык компаниялар тууралуу

Учурда биз кызыкчылыгыбызды коргоо үчүн америкалык жана башка эл аралык юридикалык компаниялар менен сүйлөшүп жатабыз. Бирок конфиденциалдуулукка байланыштуу аттарын атай албайм. Аларга кеткен чыгымдарды «Кыргызалтын» төлөйт.

Техникалык коопсуздуктар жөнүндө

«Кумтөрдөн» менеджерлер кетип жатып, системанын баарын өчүрүп кетишкендиктен, камсыздоо токтогон. Учурда болсо, ар бир компьютерге бирден адам туруп, колдон башкарып атабыз. Албетте, техникалык коопсуздукта тобокелчилик бар. Техникалык абалды стабилдештирүүгө учурда адистер керектелүүдө. Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн бетинде бош тектердин сакталышын жана кендеги өндүрүштүн керектөөлөрүнө Петров көлүндөгү мөңгү сууну колдонууну акырындап токтотуш керек. Кендеги экологияга мониторинг жүргүзгөн жана мөңгүлөрдүн жылуусун көзөмөлдөгөн көз карандысыз системаны киргизүү зарыл. Бул иштерге орточо эсеп менен 1.5-2 жыл керектелет.

«Кумтөрдүн» жумушчуларынын айлык акысы тууралуу

Акча болот. Айлык акыны төмөндөтпөйбүз. «Кумтөр» кирешелүү ишкана. Ар бир айда киреше өсүүдө. Биз аларды кыскартпайбыз, тескерисинче, жумушчулардын санын көбөйтүү планыбыз бар. Кумтөрдүн жумушчулары 28-майда 40%дык өлчөмүндө аванс ала алышат жана 15-июнда толук эмгек акысын алышат.

Кендеги алтындын эсеби тууралуу

Биз кендеги алтын запастарын эсептөө процесстерин ачык-айкын жүргүзүп, аны кайрадан эсептеп чыккыбыз келет. Анын көрсөткүчтөрү отчеттордо чагылдырылгандан көп деген пикирдебиз. Өткөн жайда алтындын баасы 50% га жогорулаган, алтынга баа канчалык жогору болсо – төмөнкү кендерди иштетүү ошончолук пайдалуу. Жаңы бааларды эске алуу менен, Кумтөр кенинин мүмкүнчүлүктөрүн кайрадан эсептеп чыгуу керек, запастардын өсүшү 10-15% га чейин жетиши мүмкүн.

Өндүрүштөгү чыгымдар тууралуу

Керектүү товарларды жана кызматтарды сатып алууга эле айына 21 млн $ сарпталат, мындан тышкары, 4 млн $ эмгек акыга жана 11 миллион доллар салыкка кетет. Учурда экономика министрлиги менен 25 млн $ өлчөмүндө кредит алууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул каражат кенди иштетүүнү толук жолго койгуча жетиш керек.  

Ишкананын финансылык абалы тууралуу

Бүгүн ишкананын финансылык абалы тууралуу суроолор көп түшүүдө. «Кумтөр Голд Компанинин» чет өлкөдөгү  банктык эсептери тоңдурулган. Жергиликтүү банктардагы эсептерде аябай эле аз сумма бар. Бул ыкчам иш-аракеттерге жетпейт. Азыр биз Улуттук банк менен жана Улуттук банктын жана «Кыргызалтындын» ортосунда келишим түзүп жатабыз. Мындан ары «Кумтөр» өндүргөн алтындын баарын Улуттук банк сатып алат. Ошондой эле, дивинденддерди жана «Центеррадан» чегерүүлөрдү, тагыраак айтканда, «Кыргызалтындын» эсептеринде топтолгон бардык финансылык ресурстарды бириктиребиз.

Кош жарандыгы тууралуу

Мен Кыргызстандын жаранымын. Бирок Канадалык жарандыгымдын да болгону – менин жумушума терс таасирин тийгизбейт. Мен Онтарионун лицензиялуу инженеримин, бул аркылуу мен Centerra Gold Inc. ишканасынын инженерлерин лицензиясынан ажыратууга жардам берет. Анткени алардын биздин жаратылышка, адамдардын ден соолугуна келтирген залалы өтө эле чоң. Кислоттор сульфитке айланып дарыяга түшөт, ушунун зыяндуулугунун өзү эле арбитражга берүүгө далил боло алат.

«Кумтөрдөгү» айлык акысы тууралуу

Мен батышта көп жашадым. Эч качан бирөөнүн чөнтөгүнө да кызыккан эмесмин. Бизде конфиденциалдык макулдашуулар бар, эгерде мени менен түзүлгөн келишим тууралуу айтсам, мыйзамды бузган болом. «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын топ-менеджерлеринин жана жетекчилеринин айлык акысы тууралуу мен эмес, депутаттар айтышкан.


Маалымдама

Эскерте кетсек, «Кумтөр» маселеси Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутмановдун «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын үстүнөн жазган арызынын негизинде башталган. Активисттер ишкананын Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды топтогонун мыйзамсыз деп таанып, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранышкан.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 7-майда төрт адамдын «Кумтөр Голд Компани» (Centerra Gold Inc. алтын өндүрүүчү компаниясынын туунду компаниясы ) ЖАКна болгон доо арызын канааттандырган. Ага ылайык, «Кумтөр» кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө келтирилген зыяндар үчүн 261.7 млрд  сом, андан сырткары 1.3 млрд сом улуттук салык (пошлина) мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирилген.  

Натыйжада, Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз отурумунда «Кумтөр Голд Компани» ишканасына убактылуу тыштан башкарууну киргизүү тууралуу токтом кабыл алынып, министрлер кабинети Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тыштан башкаруучу кылып дайындашкан.

 

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

«Кепилдик фонду» 18 банкка сынак өткөрүп, эң мыкты креддик адистерди аныктады 2 декабрда 2022 г.    17:07
ЕРӨБ берген 12 млн доллар вагондорду сатып алууга жана бекемдөө иштерине кетет – келишимдин чоо-жайы 2 декабрда 2022 г.    16:11
Геосаясий фактор, логистика, алып-сатуу операциясы – Улуттук банк доллардын дефицитине түшүндүрмө берди 2 декабрда 2022 г.    15:37
Январь-ноябрь айларында пенсияга 52.5 млрд сом кетти – эң көп пенсионерлер Ош облусунда 2 декабрда 2022 г.    15:13
Доллардын курсу келерки жылы 83.3 сом деңгээлинде кармалат – ЕӨБдүн божомолу 2 декабрда 2022 г.    12:15
Кыргызстандын ИДПсынын өсүү темпи жыл аягында басаңдайт – ЕӨБ 2 декабрда 2022 г.    11:13
Япониянын тышкы соода уюму КРнын продукциясын экспорттоого көмөктөшөт 2 декабрда 2022 г.    10:14
«Манас» аэропортунда 1 млн сомдон ашык суммадагы баалуу металл уютундусу кармалды 2 декабрда 2022 г.    9:36
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют