Токтогул ГЭСиндеги суунун запасы «кооптуу көлөмгө» жакындоодо. Кайрадан энергетикалык кризис күтүлүшү мүмкүнбү?

Токтогул ГЭСиндеги суунун запасы «кооптуу көлөмгө» жакындоодо. Кайрадан энергетикалык кризис күтүлүшү мүмкүнбү?

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бир жылдын ичинде 8-апрелдеги абалга карата 26% га, дээрлик 8.6 млрд кубометрге чейин азайды. Бул көрсөткүч ГЭСтин токтоп калуусуна алып келе турган 5.5 млрд болгон «кооптуу көлөмгө» жакын экендигин билдирет. Мындай маалыматтар «Электр станциялары» ААКнун сайтында көрсөтүлгөн.

Эксперттердин пикиринде, суунун запасынын азаюусунун түрдүү себептеринин бири болуп – суу жетишсиз болгон мезгилдер эсептелет. Кыргызстан деле бүт дүйнөдө болуп жаткан глобалдык жылуулук жана мөңгүлөрдүн ээрүүсү сыяктуу кесепеттерди башынан өткөрүүдө. Бул ГЭСтин жумушуна да таасирин тийгизбей койбойт. Кыргызстандагы энергетика маселеси улуттук коопсуздук менен тыгыз байланышта болгондуктан, бул өз кезегинде кандайдыр бир кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн.

Суу сактагычтагы суунун максималдуу деңгээли –  19,5 млрд кубометр, нормалдуу көлөмү – 17,3 млрд болсо, пайдалуу өлчөмү – 14 миллиардды түзүшү керек.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү

(млрд кубометр)

1.«Кооптуу көлөм» (ГЭСтин токтоп калуусу)

Маалыматтар 2020-жылдын 8-апрелинен 2021-жылдын 8-апрель аралыгындагы көрсөткүчтөрдөн алынды.

Диаграмма: Еconomist.kg

Маалымат булагы: «Электр станциялары» ААК

Графикте көрсөтүлгөндөй, суунун көлөмү октябрь айынан тартып азайып, андан бери тенденция түшүп баратканын байкоого болот. Өткөн жылдын апрель айынын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,5 млрд кубометрди түзгөн.

Суунун жетишсиздигин кантип толуктаса болот?

Март айынын аягында энергетика министри Кубанычбек Турдубаев отун-энергетикалык жана жер казынасын пайдалануу боюнча парламенттик комитетинин отурумунда Кыргызстан коңшу өлкөлөр  – Өзбекстан жана Казакстандан электр энергиясын карызга алууга муктаж болгонун айтты. Анын негизинде март айынан тартып электр энергиясын импорттоо башталган.

Жыйынтыгында, Кыргызстан Токтогул суу сактагычындагы суунун жетишсиздигин ушундай жол менен чечүүгө аракет жасоодо. Министр белгилеп кеткендей, болбосо, электр энергияны генерациялоону саатына 2,5 млрд киловаттка чейин көтөрүүгө же ички керектөөнү чектөөгө туура келет.

Келекчектеги абал кандай болот?

Жашыл экономика тармагындагы эксперт Азамат Темиркуловдун пикиринде Кыргызстандын улуттук коопсуздук маселеси экология жана жашыл экономикадагы абал менен тыгыз байланышта.

«Борбор Азия чөлкөмүндөгү суу ресурстарынын жарымы Кыргызстандагы мөңгүлөргө тиешелүү. Бирок алар да акыркы 50 жылда 20% га ээрип кетти. Биздин окумуштуулардын маалыматтарына таянсак, азыркы жүз жылдын аягына чейин мөңгүлөрдүн 80%ын жоготушубуз мүмкүн», – дейт эксперт.

Азыркы Токтогул ГЭСнин резервуарындагы абал – мөңгүлөрдүн ээрүүсүнүн жана суу жетишсиз болгон мезгилдердин кесепети.

«Эгерде энергетикада маселе жаралса, ал экономикага, социалдык тармакка, ал эле эмес, улуттук коопсуздукка да таасирин тийгизет. Анткени суу – жашоону камсыз кылган негизги ресурс. Чек арадагы жашоочулардын арасында суу талаш маселеси жаралса – бул өз учурунда чоң конфликтке алып келет. Биздин өкмөт бул жагдай адамдардын жашоосунун көп тармагына залакасын тийгизерин ойлонушу керек» – дейт ал.

Эксперт учурда келээрки жылдагы электр энергиядагы проблеманы чечүүгө аракет кылып жаткан өкмөткө узак мөөнөттөгү чечимдерди ойлонууну сунуштайт.

«Тоолордогу токой плантациялардын аянтын көбөйтүш керек. Бул мөңгүлөрдү сактап калуунун бирден бир фактору болуп эсептелет. Анткени токой атмосферадагы нымдуулукту жогорулатып, абанын температурасын түшүрөт. Дарактар тамыры менен жердин астындагы   нымдуулукту соруп алып, аны кайра таажысы аркылуу атмосферага кое берет. Бул нымдуулук жаанга айланып мөңгүлөргө түшөт да, жыйынтыгында, алардын ээрип кетүүсү жайлайт»,– дейт Азамат Темиркулов.

Андан сырткары, эксперттин айтымында мөңгүлөрдүн ээришине өбөлгө түзгөн дагы бир маселе болуп мал-чарбачылык эсептелет.

«Бизде бодо мал баш аламан жайылат. Жайыттардын 70%ы деградация болгондуктан, малдар оттоп бийик тоолорго чейин кетип калып жатат. Алар экосистемага кирип, чөптөр менен кошо жаш өсүп келе жаткан дарактарды да жеп коюп жатышат. Натыйжада, мал-чарбачылык да токойлордун бузулушуна алып келүүдө. Бул жогоруда белгилегендей мөңгүлөрдүн ээришине да себеп болууда. Өкмөт бул маселелерге чукул чара көрүш керек», – дейт ал.

Эске салсак, 2008-2009-ж.ж. Кыргызстан энергетикалык кризисти баштан өткөргөн. ЖМКдагы архивдик булактарга таянсак, андагы мамлекет кызматкерлер берген маалыматтарга ылайык, суунун көлөмү 2008-жылы – 8,8 млрд болсо, бул көрсөткүч 2009-жылы –  9,4 млрд кубометрди түзгөн.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 81.05
EUR 80.70
RUB 1.33
Моссовет
USD 82.85
EUR 83.65
RUB 1.36

Конвертер валют