Чек ара аймактарында патенти жок иштеген мигранттарга айып пул салынат

Чек ара аймактарында патенти жок иштеген мигранттарга айып пул салынат

Чек ара аймактарында патенти жок иштеген мигранттарга айып пул салынат. Бул тууралуу СКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөбөй иштеген мигранттарга Ички иштер министрлиги тарабынан 10 миң сом жана СКты тарабынан 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Салык кызматы КРнын жарандарын чек ара аймактарындагы эмгекчи-мигранттарды ишке алаардан мурда, алардан ыктыярдуу патент талап кылууга чакырат.

Эске салсак, 2021-жылдын апрелинен тартып өсүмдүк өстүрүү, курулуш жана мал чарба, ошондой эле жекече тейлөө боюнча башка кызматтарды көрсөтүү жааттарында иштөө үчүн КРнын жарандары тарабынан жалданган чек ара аймактарындагы эмгек мигранттар ыктыярдуу патенттин негизинде иштей алышат.

Патентти аймактык салык органынан сатып алуу керек. Патенттин суммасы 30 календарлык күн үчүн 800 сомду түзөт.

Чек ара жанындагы эмгекчи-мигранттар КРнын салык салуу жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, Кыргызстандын аймагында визасыз режимди колдонуу мөөнөтү ичинде, патенттин негизинде жеке эмгек ишмердигин жүргүзө алат.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют