Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолу 2022-жылдын аягында бүтөт

Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолу 2022-жылдын аягында бүтөт

Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолунун курулушу 2022-жылдын декабрь айында бүтөөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор боюнча жаңы жолдун узундугу 24,5 чакырымды түзөт. Бюджети 536 млн сомду түзгөн тендердин жыйынтыгы менен «Жалал-Абад СМУтт» ЖАК аталган жолду куруу жоопкерчилигин алып, курулуш иштерин 2013-жылы апрелде баштаган.

«Жолдун 13-17-чакырымындагы аралык мамлекеттик чек аранын жанынан өткөндүктөн, 2018-жылы 13-24,5 чакырымга чейинки аралыктагы иштер аягына чыккан эмес. Ворух калкынын каршы пикирлерине жана бул аймактагы чыр-чатактуу кырдаалга байланыштуу, жол куруу иштери бир нече жолу токтотулган. Натыйжада, курулуш иштери убагында бүтпөй калган», – деп түшүндүрөт Транспорт министрлигинен.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют