Кыргызстан Улуу Британияга алтын жеткирүүнү эки эсе азайтты

Кыргызстан Улуу Британияга алтын жеткирүүнү эки эсе азайтты

Кыргызстан 2021-жылдын биринчи эки айында Улуу Британияга дээрлик 1.1 тонна алтын экспорттогон. Бул өткөн жылдын январь-февраль айына (2.4 тонна) салыштырмалуу эки эсе аз. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирет.

Бул жылы экспорттолгон алтындын баасы 66 млн доллар турат, бул  КРнын эки айлык (234 млн доллар) жалпы экспортунун үчтөн бирин түзөт. Бирок бул сумма 2020-жылга салыштырмалуу 58 млн долларга же 47%га аз.

Экинчи эң ири ташылган республикалык товар катары мурдагыдай эле руда жана кымбат баалуу металлдардын концентраттары турат. Дээрлик, 100% экспорт Казакстанга туура келет.

 Бирок натуралдык туюнтмадагы жеткирүү 74%га көбөйгөн болсо (14 тоннадан 24 тоннага чейин), руда менен концентраттарды экспорттоо 15%га азайган (20 млн доллардан 17 млн долларга чейин).

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 81.05
EUR 80.70
RUB 1.33
Моссовет
USD 83.18
EUR 83.70
RUB 1.37

Конвертер валют