Кыргызстандын өнөр жайы өткөн жылы 11.4%га өстү – ЕАЭБдеги эң мыкты көрсөткүч болду

Кыргызстандын өнөр жайы өткөн жылы 11.4%га өстү – ЕАЭБдеги эң мыкты көрсөткүч болду

2022-жылы Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү дээрлик 426 млрд сомду түзүп, 11.4%га өстү, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы көрсөткүч болду. Мындай маалыматтарды ЕЭК берди.

Бирок жакшы көрсөткүчтөргө карабастан, Кыргызстандын үлүшүнө ЕАЭБтин жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн 0.3% гана туура келет. Армения бир аз көбүрөөк — 0.4%, Казакстан менен Белоруссия 6.4% жана 3.9%, ал эми Россияныкы 89%ды ээлейт.

Отчеттук мезгилде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай өндүрүшүнүн түзүмүндө эң көп үлүштү кайра иштетүү өнөр жайы ээлеген (64.3%), тоо-кен казып алуу жана карьерлерди казуу 27.4%ды түзгөн.

КРнын өнөр жай өндүрүшү 5.1 млрд доллардан, Арменияныкы — 6.2 млрд доллар, Белоруссияныкы — 64.7 млрд доллар, Казакстандыкы — 104.2 млрд доллар, Россияныкы — 1.4 трлн доллардан ашты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстандын өнөр жайы өткөн жылы 11.4%га өстү – ЕАЭБдеги эң мыкты көрсөткүч болду 24 февраля 2023 г.    10:10
Кооперативдердин Кыргызстанга дал келе турган формасын таап, ошого ылайык мыйзам иштеп чыгыш керек — Айнура Иманбекова 24 февраля 2023 г.    10:01
Бүгүнкү күндө 221 кооператив катталган — Урмат Акулуев 24 февраля 2023 г.    9:43
Улуттук онкология борборунун бүтпөй калган курулушу 40 млн сомго бүткөрүлөт 24 февраля 2023 г.    9:15
Бийлик органдарынын бухгалтердик эсептерин жарандарга ачык көрсөткөн маалыматтык система ишке кирди 22 февраля 2023 г.    17:45
Жогорку Кеңеш 20 млн сомго мамлекеттик сатып алууларды жарыялады 22 февраля 2023 г.    16:51
Кыргызстандын тышкы карызын жабууга ачылган депозиттик эсепке 31.5 млн сом түштү 22 февраля 2023 г.    15:24
Мамлекеттик мекемелер бир жылда 62 млрд сомго товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алышты 22 февраля 2023 г.    14:55
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери