ИПД 2023-жылдын январында 4.8% көбөйдү

ИПД 2023-жылдын январында 4.8% көбөйдү

2023-жылдын январында ИПД алдын ала баалоо боюнча 48 млрд ашык сомду түздү жана 2022-жылдын январына салыштырмалуу 4.8% көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январында өнөр жай продукциясынын көлөмү 27 млрд сомго жакындады жана 2022-жылдын январына салыштырмалуу текстиль өндүрүшүндө, кийим-кече жана бут кийим, тери жана булгаары буюмдарын өндүрүүдө (32.1%), фармацевтикалык продукция (14.8%), тамак-аш азыктары жана тамекиге (9.7%), негизги металлдар (5.1%), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердикте (3.4%), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алууда (26%) чыгаруунун өсүшүнүн эсебинен 7.5% көбөйдү.

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 0.8%, айыл чарбасында – 1.7%, дүң жана чекене соодада – 11.7% түздү.

2023-жылдын январында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 1.5% түздү. Мында тамак – аш продуктулары жана алкоголсуз суусундуктар – 1.8%, азык – түлүк эмес товарлар – 1.6%, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки – 1.7%, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер – 0.6% жогорулагандыгы белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында мурунку айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык региондорунда белгиленди. Мында алардын максималдуу өсүшү (3.4%) Нарын облусунда катталды, бул башка региондорго салыштырмалуу азык-түлүк эмес товарлардын (4%), тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар (3.7%) баалардын жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтердин (3.2%) жогорулашы менен шартталган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Мамлекеттик «Айыл Банк» капиталынын көлөмү боюнча лидер аталды. Рейтинг — 2022 13 февраля 2023 г.    17:24
ММБФнын кызматкерлери Ошто имараттарды жашыруун ижарага берип жүрүшкөн 13 февраля 2023 г.    17:02
Күн электр станциясын былтыры куруп баштады деген «Бишкек Солар» учурда жер маселесин чечип жатат 13 февраля 2023 г.    15:44
9 банк биригип, каза болгон эки чек арачынын үй-бүлөсүнө Бишкектен батир алып беришти 13 февраля 2023 г.    14:46
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду КРдагы бардык мейманкана бизнесинин өкүлдөрүн жолугууга чакырат 13 февраля 2023 г.    14:21
Кийинки жылдан киреше алган бардык жарандар салык декларациясын тапшырышат 13 февраля 2023 г.    13:37
Кыргызcтандык куткаруучулар Түркияда дагы төрт жаранды урандылардын астынан тирүү табышты 13 февраля 2023 г.    11:45
«Демир Банк» инвесторлор менен бирге Каракөл ГЭСин курууну көздөөдө 13 февраля 2023 г.    11:24
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери