Өткөн жылы Кытайдан келген импорттук товарлардын баасы 3.6 млрд долларды түздү

Өткөн жылы Кытайдан келген импорттук товарлардын баасы  3.6 млрд долларды түздү

2022-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 3 млрд 678 млн долларды түзгөн, анын ичинен экспорт – 52 млн доллар, импорт – 3 млрд 626 млн долларга жеткен. Бул тууралуу минкабдын маалыматында айтылат. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын КРдагы элчиси Ду Дэвень менен болгон жолугушту.

Ду Дэвень кытайлык керектөөчүлөрдүн Кыргызстандан экологиялык жактан таза продукцияга болгон суроо-талабын эске алуу менен Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Кытайдын рыногуна жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

«Буга байланыштуу Кытай тараптан Кыргызстандын экспортчуларына жеткирүүлөрдү көбөйтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр», — деди ал. 

2021-жылы Кыргызстандын экономикасына Кытайдан 233 млн доллардан ашуун түз инвестиция келген. 2022-жылдын январынан сентябрына чейин – 219 млн 701 миң долларды түзгөн. 

«Ошондой эле, «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданы мындан ары жогорулатуунун негизги фактору болуп саналат», — деди Төрөбаев.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кумтөр акиташ чыгаруучу жана дөңгөлөктөрдү иштетүүчү завод курууну пландап жатат 8 февраля 2023 г.    15:17
Жогорку Кеңеш Кыргызстанга 30 млн доллар насыя алуу боюнча келишимди кабыл алды 8 февраля 2023 г.    13:51
Бишкек мэриясы кичиавтобустарга GPS-трекерлерин орнотууну тапшырды — маршруткалар жакында жоголбойт 8 февраля 2023 г.    13:23
Муфтият кыргызстандыктардын ажы сапары үчүн авикомпанияларга кайрадан конкурс жарыялады 8 февраля 2023 г.    11:41
Бир күндө КФБда капитализация 5 млрд сомго төмөндөдү 8 февраля 2023 г.    11:23
Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы калдыктар иштетилсе, жыл сайын 4.7 тоннадай алтын алынат 8 февраля 2023 г.    10:37
Кыргызстандык ишкерлер Москвада «Продэкспо» эл аралык көргөзмөсүнө катышууда 8 февраля 2023 г.    10:01
Минкаб Кытайдан Чүй каналы-2 долбоорунун курулушун жазында баштоону суранды 8 февраля 2023 г.    9:43
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери