Министрлер кабинети ичүүчү суунун тарифи да өзүн өзү актабай жатканын билдирди

Министрлер кабинети ичүүчү суунун тарифи да өзүн өзү актабай жатканын билдирди

Минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда электр энергиясы эле эмес, ичүүчү суунун тарифи да абдан арзан болуп, ал өзүн өзү актабай жатканын Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү ирригациялык тутумдун иши дагы олутуу кайра жаңыртууга муктаж. Майлы-Суу шаарындагы абал көрсөткөндөй муниципалитет курулмаларды тейлей албай жатат.

«Анткени, ичүүчү сууга болгон тарифтин төмөндүгүнөн өзүн-өзү актоодо кыйынчылык жаралууда. Атап айтканда, суунун бир куб метрине (1000 литр) Бишкектин бир тургуну 5 сом 38 тыйын төлөйт, ал эми анын өздүк наркы 7 сом 70 тыйын.

1 куб суунун муниципалдык тарифи Чүй облусунда 8 сом болсо, Жалал-Абадда 15 сом, айрым райондордо (Өзгөн району) 39 сомго чейин жетет», — деди ал.

Ошондой эле Төрөбаев министрлер кабинети кийинки жылы бул көйгөйдү чечүүнүн үстүнөн иш алып бара тургандыгын, ал үчүн ичүүчү сууга болгон тарифтин өздүк наркын аныктоо боюнча методикалык сунуштар, жоболор, укуктук документтер даярдаларын кошумчалады.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери