Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси

Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси

2023-жылдын 26-январында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга иш сапарына карата Бишкекте өткөн Кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында, 10 коммерциялык келишимге жана бир Жол картасына кол коюлду. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түзүлгөн беш келишимге ылайык, келишимдердин суммасы жарыяланып, ал 168 млн долларды түздү.

Төмөндө түзүлгөн келишимдердин тизмеси:

  • Кыргызстандык «Бай Дыйкан» компаниясы менен Өзбекстандын «Алтын жүгөрү» компаниялары Өзбекстанга жүгөрү жеткирүү боюнча 100 млн долларга келишим түзүштү
  • Ошондой эле «Бай Дыйкан» менен «Узкимёимпекс» Кыргызстанда 20 млн долларга кальций карбидин чыгаруучу ишкана курууну макулдашты
  • Өзбекстандын Art Soft Holding компаниясы Жалал-Абад облусунда 30 млн долларга текстиль өндүрүшүн курууга ниеттенүүдө
  • «Кыргыз Эко Экспорт» менен Өзбекстандын Жайыт чарбаларын өнүктүрүү ассоциациясы Өзбекстанга айыл чарба продукциясын жана малды жеткирүү боюнча 10 млн долларга келишим түздү
  • Өзбекстандын Baxodir Log’on Tekstil компаниясы Нарын облусунда тери иштетүүчү завод түзүүгө, ошондой эле картошка өстүрүү боюнча агрокластер уюштурууга ниеттенүүдө – инвестиция 8 млн долларды түзөт
  • Baxodir Log’on Tekstil ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районунун администрациясы менен картошка өндүрүү боюнча кластер жана мал чарба комплексин түзүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту — инвестициянын көлөмү айтылган жок
  • «Дастан» ТНК жана Өзбекстандын «Тошэлектроаппарат» ишканасы КРда электр энергиясын эсепке алуу приборлорун чогултууну уюштуруу боюнча меморандумга кол коюшту — долбоордун баасы көрсөтүлгөн жок
  • Кыргызстандын «Элет Байтерек» жана «Узпромстройматериалы» бирикмеси базальт ташты кайра иштетүүчү заводду чыгаруу боюнча меморандумга кол коюшту — долбоордун баасын такталган жок
  • Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду Өзбекстандын «Узавтосаноат» жана UzXCMG менен Кыргызстанга продукция жеткирүү боюнча келишимдерге кол койду
  • Кыргызстан менен Өзбекстандын Айыл чарба министрликтери Агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу боюнча Жол картасын кабыл алышты.

КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда

Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат

Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз — Акылбек Жапаров

«Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлат

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз — Акылбек Жапаров 26 января 2023 г.    13:24
ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды 26 января 2023 г.    12:00
Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды 26 января 2023 г.    11:34
Швейцария берген 9 млн доллар Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына бөлүнөт 26 января 2023 г.    11:25
Алгачкы төлөмгө каражаты жок жарандар «Кепилдик фонддун» колдоосу менен үй алышса болот 26 января 2023 г.    11:05
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери