Сапатыбыз мыкты, бирок чет элдик атаандаштарга туруштук бере албай жатабыз — ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн көйгөйү

Сапатыбыз мыкты, бирок чет элдик атаандаштарга туруштук бере албай жатабыз — ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн көйгөйү

«Компания МЕДИМПЭКС» ЖЧК Кыргызстанда бир жолу колдонулуучу медициналык шприцтерди өндүргөн жападан жалгыз ата мекендик ишкана болуп саналат. Сапаты жагынан франциялыктарга тең келген өндүрүш 2015-жылы ишке киргизилип, ички рынокту камсыздап келгенден тышкары, ушул тапта Россияда толук сыноодон өтүп, экспортко чыгууга даярданып жаткан учуру.

«МЕДИМПЭКС» ишканасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Канатбек Кадыров Economist.kg басылмасы менен маек куруп, ишкананын продукциясы сапаттуу болгондугуна карабастан, өзбекстандык атаандаштарына араң туруштук берип жатканын, анткени буга бийликтеги кээ бир кызматкерлердин ата мекендик бизнеске бут тосуп жатышканы, ички рыноктун корголбогону, өндүрүштү колдогон мыйзамдын алынып салынганы себеп болуп жатканын айтып берди. 
 

— Айтсаңыз, өндүрүш тармагына кантип келип калдыңыз?

— Мен өзүм кесибим боюнча иштеген юрист болчумун. Кытайда бир таанышым бар эле, ошол завод курууну сунуштап калды. Кытайдын Гуанчжоу, Шанхай деген шаарларында инженер экөөбүз бизнесмендер менен жолугуп, алардын заводдоруна кирүүгө уруксат
алып, 6 ай өндүрүштүк циклди өздөштүрдүк. Аракет кылган адам үйрөнсө болот экен. Кытайдан адистерди алып келип, жумушчуларды окуттук. Ошентип 2015-жылы ишкананы ачып, 4-5 жыл дегенде өндүрүштү калыпка салып кеттик.

— Чийки зат кандай түрдө келет жана ишкананын кубаттуулугу канча?

— Ал пластмассадан гранула түрүндө Россиядан келет, анткени ал мунайдан чыгат, ийнесин Кытайдан алып келебиз, себеби, сапаттуу ийнелер Кытайдан гана чыгат, биз өндүрүштү үйрөнүп жүргөндө ал жактан чыккан ийнелерди Германия жана түштүк Кореянын заводдору сатып алып жатканын көрдүк.

Ал эми биздин өндүрүштүк цехтин кубаттуулугу азыркы учурда 1 жылда 50 млн даана шприцти түзөт. Кийинкиге биздин максатыбыз, бир жылда 200 млн даана шприц чыгаруу.

— Өндүрүштү канча каражат менен баштадыңыз?

— 600 миң доллар менен баштаганбыз. Андан кийин банктардан кредит алдык. Негизи бул өндүрүштү жүргүзүүгө 250 млн сомго жакын каражат жумшалды. Ковид илдети башталганда ооруканалар жабылып, бет кап (маска), инфузиондук система жана медициналык кол кап эле керектелип калды. Ошол себептен 2 жыл карантинде иштебей бирок алган кредиттерибизди төлөп жаттык. Ошол кезде коңшу өлкөлөрдөн келип, шприцтериңердин баарын нак акчага сатып алып кетебиз дегендерине карабай саткан жокпуз, өзүбүздүн өлкөбүзгө керек болуп калышы мүмкүн эле. Президентке кайрылып, өндүрүштү чоңойтуу боюнча кошумча каражат сурадык, Мамматрезерв фонду аркылуу кайтарымдуу каражат бөлдүрүп
берди. Ал каражатка кошумча жабдыктарды сатып алдык.

Жабдыктар нанотехнологияга киргендиктен, Германия менен Японияда чыгарылып, Кытайда чогултулган. Кытайда чогултулгандыктан арзан түшөт, болбосо, аталган өлкөлөрдөн түзмө-түз алсак, кымбат болуп кетет. Кытай аны чет элге сатса, жеңилдиктер болот экен, ошондуктан 2-3 млн сомго арзан алып жатабыз. Мисалы, пресс-форма деп коет, шприцтерди даярдай турган ал жабдык Германияда 1 даанасы 100 миң доллар турат, ошондой эле функцияны аткарган, сапаты да окшошун биз Кытайдан 35 миң долларга алып жатабыз. Мен алган каражатка 10 пресс-форма сатып алдык. Учурда ишканада 30дан ашык адам иштейт, жакынкы
убакта экспортко чыкканы жатабыз.

— Буга чейин экспортко чыгарат белеңиздер?

— Жок, Россиядан каттоодон өттүк, өткүчө 2 жыл убакыт керек болду. Биздики ковид башталып кетип, 3 жылда өттү. Себеби, алар жаныбарларга, адамдарга аябай көп сыноодон өткөрүшөт экен. Биздин шприцтердин сапаты Түштүк Кореяныкынан да жогору
болуп, Францияныкы менен бирдей чыкты. Россияга каттого кеткен чыгымдардын баарын алар өздөрү көтөрүштү. Январдан тартып экспортту баштайбыз деп турабыз.

Россия бир жылга 400 млн даана шприц сатып алууну көздөөдө, бирок биз азырынча 40 млн даана беребиз дедик, себеби Кыргызстанды да камсыздашыбыз керек. КРда жеке фирмалар менен аз иштешебиз, негизинен мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендер аркылуу иштейбиз. Акырындап 400 млн даанага жеткиришибиз керек. Чет элден валютага сатып алып келбешибиз керек. Мага бүт баарын Россияга сатуу аябай кирешелүү, бирок мамлекетти да ойлошубуз керек да.

— Сиз буга чейин бир форумда Өзбекстан өзүнүн өндүрүшүн колдоо үчүн өздүк баасы менен эле сатат деп айттыңыз эле.

— Ооба, колдон келсе чет элден бизге эч нерсе алып кирбеш керек. Мен Өзбекстанга барып, алардын көпчүлүк заводдору менен таанышып чыктым. Алар товарларын башка өлкөлөргө өзүнүн чыккан баасында сатышат экен. Кантип пайда таба тургандыгын
сурасам, «биздин өкмөтүбүздүн ушундай сунушу бар, чет өлкөлөргө өзүнүн чыккан баасында валютага саткыла, силер таба турган пайданы улуттук акчада биз беребиз, мамлекетке чет элдик валютанын түшкөнү эле чоң пайда” деп кирешесин чыгарып
берүүнү мамлекет мойнуна алганын айтышты.

Азыр карасаңар, Кытайдан келген шприцтер 5-6 сомдон, Өзбекстандыкы аябай арзан 2-3 сомдон. Өзүм барып, көрүп аябай таң калдым. Мисалы, бир заводго 17 га жерди имараттары менен бекер беришиптир. Биздики болсо, жерибиз аябай тар. Жергиликтүү бийлик жардам беребиз жер боюнча дешкен, бирок азырынча дайыны жок.

— Кыргызстанда сиздер сыяктуу шприц чыгарган окшош өндүрүш барбы?
— Жок, жалгыз эле биз.

Дагы кызык жери, Өзбекстандан же Кытайдан Кыргызстанга шприц алып келсеңиз дагы эч кандай төлөм жок. Бирок биз Өзбекстанга алып кирсек, КНС төлөйбүз. Биздин базарыбыз бул жагынан дагы корголгон эмес.

— Ош менен Бишкекте бизнес кылгандын айырмасы барбы?

— Бул эми өндүрүш да, өндүрүштө айырма болбойт. Жумушчу күчү түштүктө бираз арзан. Айылдаштарым жумуш менен камсыз болсун деп, ишкананы өзүмдүн айылыма курганбыз. Россияга экспортту баштасак, 3 смена менен иштейбиз, кошумча жумушчу да алабыз деп турабыз, ошондо кызматкерлерибиздин саны жүзгө жетип калат. Биздин өндүрүш негизинен роботтошкон, бирок ошондо да аларды көзөмөлдөп турууга адам керек.

— Кыргызстандагы өндүрүштөгү эң чоң проблема катары кайсы көйгөйдү атайт элеңиз?

— Биринчи көйгөй, Кыргызстанда өндүрүштү колдогон №175 – П номурлуу мыйзам бар болчу.

Ал 2015-жылдын 14-октябрында чыккан мыйзамга ылайык, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга 20% жеңилдетүүлөр бар эле, ошол мыйзамды эч бир себепсиз эле алып салышты! Кээ бир чиновниктерден сурасам, ЕАЭБдин принциптерине туура келбесе керек дешет. Анда эмне үчүн Россияда өздөрүнүн чыккан товарларын 20% колдогон мыйзам бар? Же Россиядан да биздин өндүрүш көбөйүп кеттиби?

— Учурда сиздер өндүргөн продукциянын өздүк наркы канча, ички рынокко чыкканда кандай пайыз кошосуздар?

— Бүгүнкү күндө биз дээрлик өздүк наркы менен сатып жатабыз. Себеби, өзбекстандык конкуренттерге араң туруштук берип жатабыз, буга чейин бизде 20% жеңилдигибиз бар болчу, тынч иштейт элек.

Жылына 400 млрд сом чет элдин экономикасын колдогону
чыгып кетет экен, мамлекет тендерлерлерде чет элдин товарларын сатып алып жатат.

Мисалы, сен Өзбекстандын товарын алып келдиң, мен Кыргызстандыкын алып келдим. Алардын өндүрүшүн мамлекети колдогондуктан товарлары арзан. Баары мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланат, ал жактан арзан деп Өзбекстан же Азербайжандыкын алышат.

Бир абсурд нерсени айткым келет, 2022-жылдын май айларында бир оорукана койгон тендерге катышып, үч тыйынга (!) биз жеңилип, чет элдик товар алынды! Анан кантип ата мекендик өндүрүштү колдоп жатышканын айта аласың?..

Өзбекстанда бул товарды чыгаруу үчүн жүздөй жумушчуга айлык, мамлекетине салык төлөнөт. Ал толук Өзбекстандын экономикасына пайда алып келген ишкананын товары. Андан сырткары, чет элдик валютага сатылып алынып жатат, ал эми биздин товар сомго алынып
жатат. Ошондуктан биздин товарды алышчу эле, бирок эми ошол жогоруда айткан мыйзамды жок кылып коюшту азыр, өзбектер өздүк наркы менен сатып жатышат, биздин күчүбүз жетпей жатат. Себеби ички өндүрүшкө берилген льгота алынып салынды.

— Сиздер ушул маселени көтөрүп чыгып жатасыздарбы?

— Мен көтөрө берип чарчадым. Саботаж болуп жаткандыгы тууралуу бардыгына айттым. Бир форумда Бизнес-омбудсмен деле отурган экен, бирок эч кандай реакция жок. Сураган, кызыккан эч ким жок, баары кайдыгер.

— Сиз өздүк наркына эле сатып жатабыз деп жатасыз, өндүрүш артка кетпей элеби?

— Өздүк наркы болгондо анын ичине айлык менен электр энергиясы, чийки зат кирет. Биз эми өндүрүш токтоп калбасын деп иштеп жатабыз.

— Эгерде өз наркына сатып жатсаңыз, саботаж болуп жаткан болсо, экспортко эле иштөөнү ойлонбодуңузбу?

— Президент Садыр Нургожоевич ата мекендик өндүрүштүн өсүшүнө аябай кызыктар экенин мен анын жеке кабылдамасына киргенде байкадым. Бирок мен андан кийинки бийликтеги адамдардын аракетин көрбөй жатам. Эми президент ар бир өндүрүшчүнүн аркасынан жүрө албайт да. Мен көп эле министрликтерге кирдим, баары эле аракет кылып жатышканын айтышат, бирок натыйжа жок.

Кечээ бирөө интернетте «Бишкек ЖЭБине миңдеген тонна Казакстандан көмүр келе жатат» деп сүйүнүп жазыптыр. Бул эми сүйүнө турган, кубана турган жаңылык эмес да. Казактар бизге бекерге бербейт, алар валютага сатышат. Кыргызстанда деген канчалаган көмүр кени бар, ошону иштетип, казактарга берген акча өзүбүздө калса, жакшы болбойт беле.

Өзбекстанда 80ге жакын товарды өзүбүздө бар деп такыр киргизишпейт экен, Россияда 800гө жакын товарларды алып кирүүгө тыюу салат экен. Бизде эч бир нерсеге тыюу жок. Мен жогоруда айтпадымбы, эгер чет мамлекеттен шприцти алып келсеңиз, эч кандай төлөм төлөнбөйт, жөн эле алып келип сата берсеңиз болот. Башка мамлекеттер ички рыногун өтө катуу коргошот! Бизде ал дагы жок болуп жатпайбы.

— Бизнесте өндүрүш тармагы энергияны, чоң каражатты талап кылган тармак. Жөнөкөй адам катары кээде көйгөйлөрдөн тажаганда колуңузду шилтеп, басып кеткиңиз келеби?

— Эгер колдоо көрсөтпөй жаткан мамлекеттик кээ бир чиновниктерге өчөшсөк, «битке өчөшүп көйнөгүңдү отко сал» дегендей эле болот да.

Биз өндүрүшчүлөр кол шилтеп, басып кете тургандарга кирбейбиз, баары бир келечекте мамлекет кыргыз өндүрүшүн колдойт деп ишенебиз.

Өндүрүшчүлөрдү колдоп, өзүбүздүкүн алганда гана өнүгөбүз, чет мамлекеттик товарларды мамлекетке сатып алып, пайда тапкан мамлекеттик кээ бир чиновниктер бар, алар жеке кызыкчылыгын ойлошуп, ата мекендик өндүрүштү өчүргөнгө аракет кылышууда.

— Дагы эмне сизди ойлондурат?

— Менин таң калганым, Кыргызстанда товарлардын көргөзмө залынын жоктугу. «Бишкек ЭААдагы» көргөзмө (Выставочный павильон) жайды 35 жылга кореялыктарга берип салышыптыр.
Качан көргөзмө болсо, көрүнгөн мектептин стадионунда, клубунда же театрда өткөрүшөт. Казакстан, Өзбекстанда жаркыраган атайын залдары бар. Көргөзмөнү уюштургандар неге айтышпайт билбейм, кызыккан эч ким жок. Баары кайдыгер. Көргөзмө залды мамлекет кайтарып алып, жылда ар түрдүү тармактын товарларын көргөзмөсүн өткөрүп турса жакшы болмок.

— Өндүрүштүн филиалын борбордо ачуу же көчүрүү маселесин карабадыңызбы?

— Жок, Бишкек менен Ош жакын эле, логистикадан эч кандай проблема жок. Негизи эле Бишкекке Оштон жүк аз, көп машиналар арзыбаган эле акчага алып кетебиз деп келишет.


— Ишкер катары катардагы бир күнүңүз кантип башталат?

— Саат эртең менен сегизге жетпей жумушка келем. Жумуш 9да башталганы менен саат сегизде инженер балдар келип, жабдыктарды жандырып, кызытуу керек. Залдардын баары күнүгө кеч тазаланып , күнүгө эртең менен дезинфекция кылынат. Дезинфекция дегенде
чоң жабдыгыбыз бар, ошону басып койсоң, баары автоматтык түрдө дезинфекцияланып калат. Жарым саат адам кирбеш керек.
Азыркы убакта эки чоң өндүрүш курганы даярданып жатабыз. Министрлер кабинетине 100 млн сом кайтарымдуу каражат сурап жазганбыз, бирок азырынча жооп жок.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери