Декреттик өргүүдө отуруп как жасап баштап, эки жылда аны Японияга чейин экспортко чыгарган Самара Кушубакованын баяны

Декреттик өргүүдө отуруп как жасап баштап, эки жылда аны Японияга чейин экспортко чыгарган Самара Кушубакованын баяны

Пандемияда декреттик өргүүдө отурган Самара Кушубакова балдарынын ден соолугун ойлоп, жашылча-жемиштен как жасап баштаган. Балдарына, кошуналарына, туугандарына да жаккан какка акырындап башкалар да буюртма берип башташкан. Ошентип ал эки жылдын ичинде ассортиментин 25ке жеткирип, Бишкекте өзүнүн «Арча» деп аталган дүкөнүн ачып, андан сырткары, Япония, Россия, Казакстанга экспорттой баштаган.

Nakta Kak брендинин негиздөөчүсү Economist.kg басылмасына ашкабак менен кызылчадан кантип кант кошулбай как жасаларын, табигый азыктын пайдасы жана өндүрүш иши тууралуу кенен айтып берди.

– Айтып берсеңиз, эмне болуп как жасап баштадыңыз?

– Как жасоону 2 жыл мурда пандемия учурунда баштагам. Ошол учурда 3 балама бир убакта денесинин ар кайсы жерине сыздоок чыгып кетти. Врачтарга алпарсам, витаминдин жетишсиздигинен болгонун айтышты. Педиатр балдардын рационун тез өзгөртүш керектигин, «Кириешки», сормо кант сыяктуу азыктар зыяндуу экенин, анын ордуна жашылча-жемиш беришим керектигин айтты. Анан жашылчадан салат жасасам эч эле жебей коюшту. Ойлонуп отуруп, чоң апамдын жасаган кактарын эстеп, дүкөндөрдөн издесем, жөнөкөй эле алманын, кайналынын кактары бар экен. Интернеттен карап, ашкабактан, кызылчадан как жасап баштадым. Балдарыма берсем, аябай жагып, сурап жеп башташты. Кошунам келип калды эле, ага да пайдалуу экенин айтып, берсем «мага да жасап берчи» деп калды. Кийин уксам, анын балдарына да аябай жагып, кайра сурашыптыр. Акырындан ооз тийип башташкан жакындарыма да жагып калды. Ал убакта декретте отургандыктан, каражатым жок эле, андыктан жасап берчи деген туугандарыма продуктусуна акчасын алып, жасап баштадым. Акырындап отуруп, мени тааныбаган эле адамдар буюртма бере башташты.

– Кызылча менен ашкабакты кантип жасайсыз? Бышырасызбы?

– Ооба, аларды бышырып туруп, курамына алма кошом. Кум шекер таптакыр кошулбайт. Башында 8 түрүн жасачумун: лимон, имбирь, кызылча, ашкабак, анар, чычырканак, алма, кайналы. Ал эми бүгүнкү күндө ассортимент 25ке жетти. Мисалы, малина, клубниканы тоңдуруп алып, аны кышында деле жасап сатабыз. Адатта, балдар кышкысын малинанын вареньесин гана жешет, ал эми биздин форматта абдан ыңгайлуу, мектепке да салып кетсе болот, анан калса, малина бул антивирустук жемиш, абдан пайдалуу келет. Азыр Кыргызстандын аймагында эмне өссө, ошолорду алып келип, жасап жатабыз. 

– Как жасоонун технологиясын кайдан үйрөнүп келдиңиз?

– Эки жылдык изденүүлөрүмдүн негизинде үйрөндүм. Интернеттен башка өлкөлөрдө кантип жасай тургандарын көрдүм, өзүм ар кандай вариантта жасап көрдүм дагы, эң жакшы оптималдуу пропорцияларды таптым. Айтканга оңой болгону менен көп эмгек сарптадым. Азыр эми чычырканактыкын жасап жатабыз, бул деген таптаза витамин С. Анын өзүн жей албайсың, кыйгыл болот, ал эми аны алма менен аралаштырсаң, жештүү болот. Ашкабакты болсо данектери менен жасаганга өттүк, себеби, ичтеги курттардан арылууга (глисты), ичеги-карындын иштешине абдан пайдалуу.  Балдар «чипсы» дегенди жакшы көрөт эмеспи, ага альтернатива кылып, алмадан, алмуруттан, помидордон чипсы жасайбыз. 

– Продукцияңыздар каякта сатылат?

– Бишкекте 30 дүкөндө, Ош, Жалал-Абад шаарларында өнөктөштөрүбүздүн дүң соода түйүндөрүндө сатылат, андан тышкары, Ак Үйдүн жанында өзүбүздүн «Арча» деген дүкөнүбүздү ачтык. Дүң дагы, чекене сатуу дагы бар. 

– Канча каражат менен баштадыңыз бизнесиңизди?

– Эң биринчи жолу, өзүмдүн колумда болгон азыктардан эле баштагам. Кийин жолдошум жардам кылып, 40 миң сомго кургатуучу аппарат алып берди. Анан «Халык Банктан» пайызсыз кредит алып, чакан цех курдук. Эми болсо, аймактардан чогуу иштешүүгө өнөктөштөрдү издеп жатабыз. Кыргызстанда кайсы жерде эмне мөмө-жемиш өссө, ошол жерде ачкыбыз келип жатат. Мисалы, кайналыны Аксыдан, чычырканакты Нарындан алабыз. Ошол Нарындан эле цех ачып койсок, сонун болмок, себеби аны бул жака алып келип, биз кайра жасап отурбай, ал жактан эле жасап жөнөтүшсө, логистика дагы бираз арзан болот эле. Азыр биринчи Ноокаттан баштасакпы деп ойлоп жатабыз, анткени ал жердин көк алмасы абдан даамдуу, аны биз бул жака чоң көлөмдө алдыртабыз.

Жакында эле Евробиримдиктин «Жаш табышкер» долбоорунун алкагында грант утуп алдым, ага Ноокатта цех ачам деген тилек менен аппарат буюртма бердим, ошондуктан эми Ноокаттан өзүнүн бакчасы, азыгы бар, иштейм деген өнөктөш айым издеп жатам. 

– Кыргызстандын ичинде эле сатасызбы же башка өлкөгө экспортко дагы чыгарасыздарбы?

– Японияга, Россияга, Казакстанга чыгарып баштадык. Японияга өнөктөштөрүбүз аркылуу чыгарабыз, ал эми калган эки өлкө ЕАЭБде болгон үчүн түз эле салабыз.

Өзүбүздөгү «Фрунзе», «Глобус» сыяктуу чоң соода түйүндөрү мени иштешүүгө чакырып жатат, бирок азыркы товарымдын көлөмү аларды камсыздаганга жетпей жатат. 

– Сиздин өндүрүшүңүздүн көлөмү канча?

– Азыр 9 миң даана чыгып жатат, эгерде буюртма кылган аппараттарым келсе 18 миң даанага жетип калат. Ошондо жеткиришим мүмкүн. Буюрса, өндүрүшүмдү чоңойтуп, жаңы деңгээлге чыгып, айымдарды жумуш менен камсыз кылсам деп тилек кылып жатам. Биз азыгыбызга таптакыр кант кошпойпуз, пайдалуу, жагымдуу, табигый.

– Азыр цехиңизде канча адам иштейт?

– Азыр ал жерде үч адам иштейт, андан тышкары эки адам жеткирет жана жыйын-терин учурунда кошумча адам алабыз. Жакында Баткенден коогалаңдан качып келген кызды да жумушка алдым, учурда айлыгын алып, иштеп жатат. Балким, Баткенде да цех ачып калабыз деген ойдо ага баарын үйрөтүп, даярдап жатам. Ал жакта өрүк көп эмеспи. Колдоп берген адамдар болсо, чоң масштабга жетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Чет өлкөлүктөр даамдап көрүп эле, дароо көп сатып алышат, алар бул кандай пайдалуу экенин, табигыйлыгын түшүнүшөт. 

– Киреше жагы кандай экен? Эсептеп көрдүңүзбү?

– Мен буга чейин кетирген чыгымдарымды жаптым. Канча чыгым кетсе, теңме-тең киреше түшөт. Болгону цехти салганда алган кредитим жабыла элек, учурда төлөп жүрөм. Жеке ишкер катары катталгам, андыктан салык төлөйм, Соцфондго төлөйм. 

Эгерде жашылча-жемиштин баары өзүңдө өссө, анда жакшы пайда тапса болот. Быйыл Көлдөгү жерде жаткан өрүктөрдү көрүп, ыйлап эле кала бердик, колубуздан келишинче жасадык, бирок бизде тоңдуруп сактай турган жайыбыз кичине болгондуктан, көп ала алган жокпуз да. Андан сырткары, коон, дарбыздарды да кургаттык. Биздин жайында даярдап койгон азыгыбыз аз болуп калды, анткени беш эле аппаратыбыз бар. Баткендик кызды да коон, дарбызды кургатып бер, кышы менен сатып чыгабыз деп айтып жатам. Кардарларыбыз бар, бирок көлөм кичине болуп жатат. Учурда долбоорлорго катышып, инвестицияларды тартканга аракет кылып жатам. 

Учурдан пайдаланып мамлекетке, чет өлкөлүк уюмдарга ыраазычылык билдиргим келет, ишкер айымдарды колдоп жатышат. Айымдарга да кыялдарыңарга ишенгиле, окугула, гранттык долбоорлорго катышкыла деп айткым келет.

Поделиться в соцсетях:

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери